Кыргызстандыктар сентябрдын башында 4 күн катары менен эс алат

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области
Село Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрь айындагы алгачкы иш күнү төртүнө белгиленди.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. 31-август, Эгемендүүлүк күнүн эске алганда, кыргызстандыктар сентябрь айынын башында төрт күн катары менен эс алат.

Тагыраак айтканда, дем алыш күндөрү 31-август жана 1-2-3-сентябрга туш келет.

Бирок 1-сентябрь күнү окуучулар билим күнүнө карата мектепте өтчү салтанаттуу линейкага барышат. Мындай чечимди Бирим берүү жана илим министрлиги кабыл алган.

2-сентябрь — жекшемби.

Дом ребенка в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Эрте тургуза баштаңыз! Окуучуну мектепке даярдоо боюнча адистен 5 кеңеш
3-сентябрь — дүйшөмбү дем алыш катары ушул жылдын жаз айларында эле белгиленген. Бул 2-сентябрда Көчмөндөндүн дүйнөлүк III оюндарынын ачылышы менен байланыштуу. Бийлик ачылыш аземдин эртеси кыргызстандыктар эс алышы керек деп чечкен.

Бирок бул күн үчүн жарандар ушул жылдын 7-майы дем алыш күн деп белгиленгенине карабай иштеп беришкен. Ал эми 7-майды Конституция күнү (5-май) дем алышка туш келип калгандыгы үчүн иш күн эмес деп белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0