Апта ичинде күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Жума башында өлкөнүн тоолуу аймактарына жаан жаашы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата аба ырайы божомолун таратты.

Билдирүүгө ылайык, апта башында өлкөнүн тоолуу аймактарына жаан жаашы мүмкүн.

Жара в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жай келе жатат! Июнь айына карата аба ырайы
20-21-22-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында күндүз абанын температурасы 20…25 градус ысык болсо, Чүй менен Таласта 22…27 градуска жетет. Ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 17…22 градус жылуу болот.

23-24-майда тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Баткен, Жалал-Абадда абанын температурасы күндүз 22…27 градусту көрсөтсө, Талас менен Чүйдө 22…28 градуска жетет. Тоолуу Нарын менен Ысык-Көлдө да 20…25 градуска чейин күн ысыйт.

Ал эми 25-26-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0