Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Шаршемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттарында 10…15, Ысык-Көл менен Нарында 13…18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында нөшөрлөп жамгыр жаап, 13…15 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0