Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
21-апрелден 22-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүп абанын температурасы 0... 2 градуска төмөндөйт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумага карата аба ырайы божомолун таратты.

Билдирүүгө ылайык, аптанын алгачкы күндөрү өлкөдө күн ачык болот.

Город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Күн деги ысыйбы? Май айына карата аба ырайынын божомолу
21-апрелден 22-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүп абанын температурасы 0… 2 градуска төмөндөйт.

Ал эми 22-апрелден 24-апрелге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарында абанын температурасы 23…30 градуска чейин ысыйт.

Тоолуу Нарын жана Ысык-Көл аймактарында 13…22 градуска чейин жылуу болот.

25-апрелден баштап кайрадан жаан жаай баштайт. Абанын температурасы көпчүлүк аймактарда 9…14 градуска төмөндөйт.

26-27-апрелде туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0