Февраль айына карата аба ырайынын божомолу

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOШаар тургуну. Архив
Шаар тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарда жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан ашык болушу күтүлөт

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Февраль айында өлкө аймагында аба ырайынын орточо температурасы климаттык нормага жакын болот. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Чүйдө ай ичиндеги абанын орточо температурасы түнкүсүн —4, күндүз 1 градустан —5…-10 градуска чейин суук болот.

Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө жана тоо этектеринде —15 градус суук болот. Күндүз 0…5 градустан 10…15 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.

Талас облусунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —3…-8 градустан —11…-16 градуска чейин, күндүз 0…5 градустан 7…12 градуска чейин өзгөрүп турары айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан ашык болушу күтүлөт (21-23 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын, кээ бир райондордо климаттык нормадан 1 градустан жогору болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —2…+3 градустан —3…-8 градуска чейин, күндүз 2…7 градустан 10…15 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн —3…+2 градустан —4…-9 градуска чейин, күндүз 0…5 градустан 8…13 градуска чейин өзгөрүп турат.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жума аягына чейин аба ырайы кандай өзгөрөт? ӨКМдин божомолу
Ысык-Көлдө ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —3…-8 градус, күндүз 2…7 градус жылуу болушу күтүлөт. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн —3…-8 градус сууктан, —10…-15 градуска чейин, күндүз 0…-5 градустан 1…6 градуска өзгөрүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз, ал эми Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 18-21 мм).

Нарын облусунда абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —11…-13, Кочкор районунда —5…-7 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —13…-18 градустан —22…-27 градуска чейин, Ат-Башы районунда —25…-30 градуска чейин, күндүз 0…-5 градустан —6…-11 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнүндө абанын орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —13…-15 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —18…-23 градустан —25…-30 градуска чейин, күндүз —5…-10 градустан —11…-16 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.

Суусамырда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн —20…-25 градустан —28…-33 градуска чейин, күндүз —3…-8 градустан —10…-15 градуска чейин өзгөрүп турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0