Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө күн —3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыса, Нарын менен Таласта 0…-5 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткенде болсо 1…6 градус жылуу болот.

Бишкекте абанын температурасы —1…+1 болсо, Ош калаасында 1…3 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0