Жума аягына чейин Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлөт

Жазылуу
Апта ичи туруктуу аба ырайы сакталбайт

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 19-декабрдан 23-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

20-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаайт.

21-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

22-декабрда түнкүсүн кээ бир райондорго кар түшөт.

23-декабрда күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0