Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 28…33 градус, Таласта 27…32 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 30…35 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 25…30 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жана Ош шаарларында күн ачык болуп, 35 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0