Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде күн бүркөлсө, калган аймактарда ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгил менен нөшөр болуп, күн 28…31 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0