БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде күн бүркөлсө, калган аймактарда ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгил менен нөшөр болуп, күн 28…31 градуска чейин жылыйт.