ЖК: 3 жашка чейинки бардык балдар жөлөк пул алышы керек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЗанятия в общеобразовательной школе
Занятия в общеобразовательной школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорунун демилгечилери жашоо-шартына карабай үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул төлөө зарыл экенин баса белгилешти.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул төлөө керектигин айтып чыгышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева сунуштап жатат.

"Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, үч жашка чейинки бардык балдарга жөлөк пул төлөнүп, көп балалуу үй-бүлөнүн биринчи, экинчи балдарынан башка балдарына жөлөк пул төлөө шарттары да каралган. Ошондой эле бийик тоолуу райондордо жашагандардын балдарына да каражат көбөйтүлүп берилет. Сүйүнчү акчага каралган каражаттын суммасы 4 миң сомду түзөт, — деди эл өкүлү Орозова.

Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Өмүркулов: майып балдардын жөлөк пулун көтөрүү керек
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Жыпара Рысбекова бул демилгени ишке ашырса болорун айтты.

"Үч жашка чейинки баласын баккан аял кишиге жардам катары сүйүнчү пул жана жөлөк пул төлөнүп берилмекчи. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан энелердин бала багууга кеткен жылдарын да эсептөө шарттары да каралып жатат. Анткени бул алардын кийин пенсия алуусун камсыздайт", — деди Рысбекова.

Ал ошондой эле жөлөк пул боюнча маселеге келгенде айрым иш-кагаздары туура эмес топтолуп жаткандыгын айтып, алгач ар бир үй-бүлөнүн социалдык паспорту даярдалышы керектигин кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0