Өлкөнүн айрым аймактарында түнкүсүн кар жаайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Эртең, 10-февраль күнү Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Суу каптаган талаалар: Баткенде өрүкзарлар сугарыла баштады - Sputnik Кыргызстан
Суу каптаган талаалар: Баткенде өрүкзарлар сугарыла баштады
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкекте түнкүсүн азыраак кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус суук болсо, күндүз 2 градуска чейин жогорулайт. Ошто кар жаабайт, түнкүсүн 5 градуска чейин суук болсо, күндүз 6 градуска чейин жылыйт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0