Аба ырайы: Бишкекте күн 9 градуска чейин ысыйт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек шаарында 9 градус жылуу болсо, Ошто 6 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Последствия обильного снегопада в Аксы - Sputnik Кыргызстан
Аксыда калың кардан улам үйдүн шиферлери сынууда
Бишкек — Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында), Казарман — Актал-Чат жана Арал — Миң-Куш (67-94, 42-45 жана 1-10 чакырымдары), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу (65-110, 140-150-чакырымдары), Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Красная-Горка — Акташ (65-100 жана 1-9 чакырымдары) унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктын алдын алуу максатында 10-февралга чейин кар көчкүлөрдү атып түшүрүү аракеттери жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0