https://sputnik.kg/20261020/kayyrgul-sartbayeva-kaza-boldu-1104411044.html
Булбул үндүү Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды
Булбул үндүү Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды
Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын маданий улуу көчүн улаган булбул үндүү Сартбаева 90 жашта болчу. 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T17:25+0600
2026-10-20T17:25+0600
2026-10-20T17:29+0600
кыргызстан
кайыргүл сартбаева
маданият
ырчы
опера
өлүм
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1e/1065691364_0:60:1002:624_1920x0_80_0_0_9549d548c5883795e4b9cd8a030ffd3e.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акка моюн сунду. Кабарды Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынан тастыкташты. Кыргыздын маданий улуу көчүн улаган булбул үндүү талант 90 жашта болчу. Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны аяктап, 1962-жылы Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген. Опера ырчысы сахнада "Айчүрөк", "Жамийла", "Манас", "Токтогул", "Сепил", "Аида", "Курманбек", "Евгений Онегин", "Чио-Чио-Сан", "Отелло", "Дон Карлос", "Дон Жуан" өңдүү 50дөй операда образдарды жаратып, 1969-70-жылдары Москвадагы Чоң театрда тажрыйба топтогон. КРдин эл артисти соңку маалда мугалимдикти аркалап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берген. Кийин ардактуу эс алууда эле. "Кыргыз радиосунун" алтын фондуна 600дөй ария, романс, ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып жаздырткан. Sputnik Кыргызстан буга чейин улуу талант менен видеомаек курган.
https://sputnik.kg/20220630/opera-yrchy-teatr-kajyrgul-sartbaeva-surot-turmok-1065675779.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/1e/1065691364_0:0:1002:753_1920x0_80_0_0_9e7f7f094ad6418f36dfc8697b7e76c1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кайыргүл сартбаева, маданият, ырчы, опера, өлүм
кыргызстан, кайыргүл сартбаева, маданият, ырчы, опера, өлүм
Булбул үндүү Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды
17:25 20.10.2026 (Жаңыртылды: 17:29 20.10.2026) Кыргыздын маданий улуу көчүн улаган булбул үндүү Сартбаева 90 жашта болчу.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акка моюн сунду. Кабарды Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынан тастыкташты.
Кыргыздын маданий улуу көчүн улаган булбул үндүү талант 90 жашта болчу.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны аяктап, 1962-жылы Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген. Опера ырчысы сахнада "Айчүрөк", "Жамийла", "Манас", "Токтогул", "Сепил", "Аида", "Курманбек", "Евгений Онегин", "Чио-Чио-Сан", "Отелло", "Дон Карлос", "Дон Жуан" өңдүү 50дөй операда образдарды жаратып, 1969-70-жылдары Москвадагы Чоң театрда тажрыйба топтогон.
КРдин эл артисти соңку маалда мугалимдикти аркалап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берген. Кийин ардактуу эс алууда эле.
"Кыргыз радиосунун" алтын фондуна 600дөй ария, романс, ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып жаздырткан.
Sputnik Кыргызстан буга чейин улуу талант менен
видеомаек курган.