Жетимчилик жана аалам кезген атак. Сахна жылдызы Кайыргүл Сартбаева менен видеомаек

Жазылуу
Эксклюзив
Белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 75 жашка чейин ырдаган. Кыргыз маданиятына эмгеги сиңген инсан азыр ардактуу эс алууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы СССРдин эл артисти менен маек курду.
Болочоктогу атактуу опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева ата-энесинен эрте ажырап жетимчиликтин азабын чеккен. Согуштан кийинки жылдары башынан оор күндөрдү өткөрүп, жылаңайлак, нанга жетпей өскөн. Кичинекей кызды эжеси борбор калаага алып келип мектеп-интернатка тапшырган. Жаштайынан ыр-күүгө жакын өспүрүм Фрунзедеги мектепте обон созуп 16 жашында Москвага окууга жөнөтүлүп, 1962-жылы Петр Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктап келген. Опера жана балет театрынын 26 жаштагы солисти улуу залкарлар менен сахналаш болуп, жаштыгын, өмүрүн ошол куттуу жерге арнаган.
СССРдин эл артисти сахнада кичинекей партиядан баштап чоң партияга чейин ырдаганын айтат.
"Москвага окууга жиберилгенде орусча "нан", "берчи", "здравствуйте" деген эле үч сөздү билчүмүн. Ал жакта жакшы билим алып келгенден кийин Абдылас Малдыбаев, Болот Миңжылкыев, Артык Мырзабаев, Сайра Кийизбаева, Мариям Махмутова менен бир сахнага чыктым. Бир да жолу "мен муну ырдайм, тигини ырдабайм" деген жокмун. Кичинекей партиядан баштап чоң партияга чейин ойнодум. Композитор, дирижёрлордон Асанкан Жумакматов, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов менен иштештим, ар биринин талабы ар башка болчу. Алардын акыл-насааттарын угуп өстүм", — деди Сартбаева.
Сопрано үндүү ырчы сахнада "Айчүрөк", "Жамийла", "Манас", "Токтогул", "Сепил", "Аида", "Курманбек", "Евгений Онегин", "Чио-Чио-Сан", "Отелло", "Дон Карлос", "Дон Жуан" өңдүү 50дөй операда образдарды жаратып, Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Муратбек Бегалиевдин ырларынын жана романстарынын алгачкы аткаруучусу боло алган.
"Опера жана балет театры 80-жылдары "эксперименталдык театр" деп аталып калган. Анда биз Москвада болуп жаткан саамалыктардын баарын кайталачубуз. Ошол жылдары республика аймагында концерт коюп биз барбаган айыл калган жок. Анан чыгармачылыкта ишсиз үйдө бош отуруп калган учурум болгон жок. Мен 50 жашыма чейин спирт ичимдигин оозума алып көргөн жокмун. Анткени арак, чылым ырчынын үнүн бузат. Сахнага өмүрүн арнай турган ырчы ага такыр жолобошу керек. Ырчы үнүн багып кам көрбөсө болбойт. Мисалы, мен 75 жашымда "Айчүрөк", "Чио-Чио-Санды" ырдап сахна менен коштоштум. Жашоодо элиме ыраазымын", — деп кошумчалады ырчы.
Кыргыз ССРинин эл артисти Дания, Канада, Куба, Монголия, Польша, Румыния, Сирия, Түркия, Швейцария, Швеция, Япония, Кытайга чейин гастролдоп барган. Ошондой эле "Кыргыз радиосунун" алтын фондуна 600дөй ария, романс, ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып жаздырткан. Андан сырткары, узак убакыт мугалимдикти аркалап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берип иштеди. II даражадагы Манас орденинин кавалери, Даңк медалы менен Курманжан Датка орденинин ээси азыр уул-кызы, неберелеринин сый-урматында.
Тема боюнча:
Элиме, мамлекетке ыраазымын. 82 жаштагы дирижер Жумалиев менен видеомаек
Бала — кудайдын белеги. Жүздөгөн чүрпөнү уядан учурган үй-бүлөнүн видеосу
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева. Видео эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0