https://sputnik.kg/20260904/kiyev-batyshka-kyzhyrdanuuda-1103456259.html
Politico: Киев кубаттуу курал-жарактын берилиши кыскарганына кыжырданууда
Politico: Киев кубаттуу курал-жарактын берилиши кыскарганына кыжырданууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн абадан кол салганда коргоно турган согуштук системаларды ала албай калып, финансылык жардам жана... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T15:12+0600
2026-09-04T15:12+0600
2026-09-04T15:12+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
киев
батыш
нато
курал-жарак
согуш
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/10/1071168063_621:899:2664:2048_1920x0_80_0_0_b8eb2940521d48f5cd08bbaf25e61933.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн абадан кол салганда коргоно турган согуштук системаларды ала албай калып, финансылык жардам жана жаңы курал өндүргөнгө аракет кылууда. Бул туурасында Politico басылмасына таянып, РИА Новости жазды. Атын атагысы келбеген украиналык аткаминер ар бир жардамды тилемчилик менен алууга туура келип жатканын айтып, муну көңүлдү калтырган аягы жок "доор" катары сыпаттаган. Politico рынокто абадагы кол салуудан коргоно турган системалар жетиштүү болсо да, акчасы жок болгондуктан Украина аларды ала албай келгендигин жазды. Буга чейин Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Каллас Киевге Patriot ракеталарын, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү аяктап бараткандарын да өткөрүп берүү боюнча тиешелүү өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр майнапсыз болуп жаткандыгын билдирген.
https://sputnik.kg/20260904/aksh-bayden-ukrainaga-bergen-akchany-doolayt-1103442956.html
киев
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/10/1071168063_857:709:2642:2048_1920x0_80_0_0_b1250250c69e58558aa181cb95bdc2fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, киев, батыш, нато, курал-жарак, согуш
дүйнөдө, киев, батыш, нато, курал-жарак, согуш
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн абадан кол салганда коргоно турган согуштук системаларды ала албай калып, финансылык жардам жана жаңы курал өндүргөнгө аракет кылууда. Бул туурасында
Politico басылмасына таянып, РИА Новости жазды.
"Өтө керектүү жана маанилүү курал-жарактардын аз келип жаткандыгы Киевди уламдан-улам нааразы кылууда. Ал Батыштагы өнөктөштөрүнөн абадан коргонуу каражаттарын жана каржылык колдоо сурап, жаңы кадамдарын баштады... Бирок ушул аптада өткөн Евробиримдиктин коргоо министрлеринин бейрасмий жыйынынан тартып НАТО элчилеринин атайын жолугушуусуна чейинки аракеттерден эч кандай майнап чыккан жок", — деп белгилеген басылма.
Атын атагысы келбеген украиналык аткаминер ар бир жардамды тилемчилик менен алууга туура келип жатканын айтып, муну көңүлдү калтырган аягы жок "доор" катары сыпаттаган.
Politico рынокто абадагы кол салуудан коргоно турган системалар жетиштүү болсо да, акчасы жок болгондуктан Украина аларды ала албай келгендигин жазды.
Буга чейин Евробиримдиктин дипломатия башчысы Кая Каллас Киевге Patriot ракеталарын, анын ичинде жарактуулук мөөнөтү аяктап бараткандарын да өткөрүп берүү боюнча тиешелүү өлкөлөр менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр майнапсыз болуп жаткандыгын билдирген.