https://sputnik.kg/20260819/tunduk-aylanma-zholunun-52-payyzy-buttu-1103068317.html
Бишкектин түндүк айланма жолунда иштердин теңи бүттү. Видео
Бишкектин түндүк айланма жолунда иштердин теңи бүттү. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунда иштердин 52 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги... 19.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-19T13:49+0600
2026-08-19T13:49+0600
2026-08-19T13:57+0600
кыргызстан
бишкек
айланма жол
реконструкция
трасса
көпүрө
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103068686_0:123:543:428_1920x0_80_0_0_3598fd81a02d30255b553fd57229fa75.jpg
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунда иштердин 52 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 33,4 чакырым болгон жолдун 23 чакырымында учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоор Алматы — Бишкек — Ташкент жана Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт автожолдорунун тилкелерин реконструкциялоону камтыйт. Трасса Бишкектин батышындагы Маловодное айылынан башталып, Кантка чейин созулат. Жаңы жол алты тилкелүү болот. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Айрым транспорттук түйүндөрдүн алдында тилкелердин саны 10го чейин көбөйөт. Долбоор боюнча, жолдун бардык ири кесилиштеринде эки деңгээлдүү транспорттук түйүндөр курулуп, жол чырак болбойт. Жалпысынан 13 жол өтмөгү курулат. Алардын 11и жаңыдан салынат, бирөө реконструкцияланат жана дагы бирине капиталдык оңдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, жолдун боюна жети көпүрө курулуп же реконструкцияланат. Жөө адамдар үчүн сегиз жер үстүндөгү өтмөк салынат. Түнкүсүн жолдун эки тарабы тең жарыктандырылат. Калктуу конуштар аркылуу өткөн тилкелерде туурасы 2,25 метр болгон жөө адамдар өтүүчү тротуарлар каралган. Учурда төрт жаңы жол өтмөгүнүн курулушу жана төрт көпүрөнү реконструкциялоо дээрлик толук аяктады. Иш күнү-түнү жүрүүдө.
https://sputnik.kg/20260716/balykchy-bokonbaev-karakol-zholu-video-1102442904.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103068686_0:72:543:479_1920x0_80_0_0_f0cc35c586d8e81a83b6b870c086fada.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, айланма жол, реконструкция, трасса, көпүрө
кыргызстан, бишкек, айланма жол, реконструкция, трасса, көпүрө
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкектин түндүк айланма жолунун курулушунда иштердин 52 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жалпы узундугу 33,4 чакырым болгон жолдун 23 чакырымында учурда курулуш иштери жүрүп жатат.
Долбоор Алматы — Бишкек — Ташкент жана Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт автожолдорунун тилкелерин реконструкциялоону камтыйт. Трасса Бишкектин батышындагы Маловодное айылынан башталып, Кантка чейин созулат.
Жаңы жол алты тилкелүү болот. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Айрым транспорттук түйүндөрдүн алдында тилкелердин саны 10го чейин көбөйөт.
Долбоор боюнча, жолдун бардык ири кесилиштеринде эки деңгээлдүү транспорттук түйүндөр курулуп, жол чырак болбойт. Жалпысынан 13 жол өтмөгү курулат. Алардын 11и жаңыдан салынат, бирөө реконструкцияланат жана дагы бирине капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, жолдун боюна жети көпүрө курулуп же реконструкцияланат. Жөө адамдар үчүн сегиз жер үстүндөгү өтмөк салынат. Түнкүсүн жолдун эки тарабы тең жарыктандырылат. Калктуу конуштар аркылуу өткөн тилкелерде туурасы 2,25 метр болгон жөө адамдар өтүүчү тротуарлар каралган.
Учурда төрт жаңы жол өтмөгүнүн курулушу жана төрт көпүрөнү реконструкциялоо дээрлик толук аяктады. Иш күнү-түнү жүрүүдө.