00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШда мигранттарды кармоо үчүн аскерлердин укугу кеңейтилди

© AP Photo / Gregory BullАКШ — Мексика чек арасы. Архив
АКШ — Мексика чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. АКШнын Юстиция министрлиги америкалык аскерлердин мигранттарды кармоо боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ведомствонун документинде Пентагондун көзөмөлүндөгү аймактарга мыйзамсыз кирди делген мигранттарды кармоого аскер кызматкерлерине кошумча укуктар берилгени айтылат.
Министрлик өзү Posse Comitatus мыйзамы өлкө ичинде укук коргоо органдарынын милдетин аткаруу үчүн куралдуу күчтөрдү колдонууга тыюу саларын моюндаган. Бирок ведомство мигранттарга байланыштуу жагдайды ал эрежеден тышкары караган.
Бул чара АКШ менен Мексиканын чек арасына жакын аймактарга тиешелүү. Америка президенти Дональд Трамптын администрациясы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштүн алкагында бул аймактарды "улуттук коргонуу зоналары" (NDA) деп жарыялаган.
"Биз улуттук коргонуу зонасынын аймагынан тышкары жерде турган мыйзам бузуучуларды аныктоо үчүн аскер кызматкерлерин колдонуу Posse Comitatus мыйзамын бузбайт деген тыянакка келдик", — деп айтылат документте.
Документте эгер аскер кызматкерлеринин аракети аскердик милдетти аткаруу үчүн зарыл болсо, Posse Comitatus мыйзамындагы тыюу колдонулбай турганы жазылган. Мисалы, жарандар үчүн кирүүгө тыюу салынган улуттук коргонуу зонасына мыйзамсыз кирген адамды кармоо армияны полициянын ордуна колдонуу катары эмес, аскердик объектини коргоо чарасы катары каралат.
Ошол эле учурда Юстиция министрлигинин корутундусуна ылайык, эгер мыйзам бузган адам аталган аймактан чыгып кетүүгө үлгүрсө, аскер кызматкерлери аны аймактан тышкары жерде да кууп барып кармай алат. Мындан тышкары, министрлик АКШнын түштүк чек арасындагы Аризона, Калифорния, Нью-Мексико жана Техас штаттарында буга чейин түзүлгөн алты улуттук коргонуу зонасына кошумча дагы мындай зоналарды түзө алат.
Учурда Трамп мыйзамсыз миграцияга каршы саясатты улантууда. Ал президенттик кызматка киришүү алдында ант берген күнү мыйзамсыз мигранттардын АКШ аймагына киришин дароо токтотууга жана миллиондогон мигранттарды өлкөдөн чыгаруу жараянын баштоого убада берген. Ошондой эле АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизген.
АКШдагы иммиграциялык кармоо борбору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2025
Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн кампаларды сатып алмакчы
Жаңылыктар түрмөгү
0