https://sputnik.kg/20260812/sssr-suutek-bombasy-slojka-1102946021.html
"Термоөзөктүү жай". СССР 73 жыл мурун суутек бомбасын сынап дүйнөнү селт эттирген
"Термоөзөктүү жай". СССР 73 жыл мурун суутек бомбасын сынап дүйнөнү селт эттирген
Sputnik Кыргызстан
1953-жылы 12-августта СССР дүйнөдө биринчи ирет "Слойка" деп аталган суутек (термоөзөктүк) бомбасын сынаган. 12.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-12T20:14+0600
2026-08-12T20:14+0600
2026-08-12T20:14+0600
дүйнөдө
ссср
бомба
суутек
техника
аскер
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095830755_0:236:1080:844_1920x0_80_0_0_e57b99f6d2b8730e20e9a92d8f559d31.jpg
"Изделие РДС-6с" же "Слойка". Биринчи суутек бомбасын үч жылда жасап чыгышкан. "Слойка" аталышын жаңы схемаларды колдонгон үчүн беришкен. Термоөзөктүк отунду улам кабаттап, 238-уран менен ороп чыгышкан. Бул "буюмдун" көлөмү аны учактан таштоого боло тургандай, ал эми Американын "Иви Майк" суутек бомбасы үйдүн көлөмүндөй эле. Ушул артыкчылык СССРди "термоөзөктүк жарышта" лидер кылган. Семипалатинскиде жасалган. Суутек бомбасын Казак ССРиндеги аскердик техника менен бүтүндөй бир шаарча кылып курган полигондун аймагында сынамак болушкан. "Слойка" 30 метрлик болот мачтага жайгаштырылып, жардыруу буйругу таңда саат 04:30да берилген. 400 килотонналык эбегейсиз күч. 4 чакырым радиустагы имараттар орду-түбү менен жок болгон, көпүрөнүн жүз тонналык элементтерин 150-200 метрге ыргытып салган. Жарылуунун табы 25 чакырымга чейин сезилип турган. Атомдук чаң 12 чакырым бийиктикке, 6 чакырым аралыкка чейин жеткен. Полигондон алысыраак туруп байкоо салгандар күн кантип түнгө алмашып калганын айтышкан. РДС-6с сыноосунан кийин Королевдун командасы жаңы дүрмөттү жеткире турган ракетаны иштеп чыгуу тапшырмасын алат, ал Р-7 болгон. Дал ошол жетилик Жердин биринчи жасалма жандоочусун космоско алып чыккан. Аны менен биринчи космонавт Юрий Гагарин ааламга көтөрүлгөн.
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095830755_0:135:1080:945_1920x0_80_0_0_fa20470b1fd1e83ff7d9d5b63b96b965.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, бомба, суутек, техника, аскер, видео, видео
дүйнөдө, ссср, бомба, суутек, техника, аскер, видео, видео
"Термоөзөктүү жай". СССР 73 жыл мурун суутек бомбасын сынап дүйнөнү селт эттирген
1953-жылы 12-августта СССР дүйнөдө биринчи ирет "Слойка" деп аталган суутек (термоөзөктүк) бомбасын сынаган.
"Изделие РДС-6с" же "Слойка". Биринчи суутек бомбасын үч жылда жасап чыгышкан. "Слойка" аталышын жаңы схемаларды колдонгон үчүн беришкен. Термоөзөктүк отунду улам кабаттап, 238-уран менен ороп чыгышкан. Бул "буюмдун" көлөмү аны учактан таштоого боло тургандай, ал эми Американын "Иви Майк" суутек бомбасы үйдүн көлөмүндөй эле. Ушул артыкчылык СССРди "термоөзөктүк жарышта" лидер кылган.
Семипалатинскиде жасалган. Суутек бомбасын Казак ССРиндеги аскердик техника менен бүтүндөй бир шаарча кылып курган полигондун аймагында сынамак болушкан. "Слойка" 30 метрлик болот мачтага жайгаштырылып, жардыруу буйругу таңда саат 04:30да берилген.
400 килотонналык эбегейсиз күч. 4 чакырым радиустагы имараттар орду-түбү менен жок болгон, көпүрөнүн жүз тонналык элементтерин 150-200 метрге ыргытып салган. Жарылуунун табы 25 чакырымга чейин сезилип турган. Атомдук чаң 12 чакырым бийиктикке, 6 чакырым аралыкка чейин жеткен. Полигондон алысыраак туруп байкоо салгандар күн кантип түнгө алмашып калганын айтышкан.
РДС-6с сыноосунан кийин Королевдун командасы жаңы дүрмөттү жеткире турган ракетаны иштеп чыгуу тапшырмасын алат, ал Р-7 болгон. Дал ошол жетилик Жердин биринчи жасалма жандоочусун космоско алып чыккан. Аны менен биринчи космонавт Юрий Гагарин ааламга көтөрүлгөн.