https://sputnik.kg/20260702/1102189074.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 2026-жылдын 21-23-октябрь күндөрү борбор калаада өтө турган "Бишкек+25" Экинчи... 02.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-02T08:59+0600
2026-07-02T08:59+0600
2026-07-02T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102188908_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_31e5901d1b6e2a594bb1942723ba97e5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 2026-жылдын 21-23-октябрь күндөрү борбор калаада өтө турган "Бишкек+25" Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өттү. Жыйынды ачып жатып, министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи. Ал белгилегендей, иш-чара эң жогорку деңгээлде уюштурулушу керек, анткени бул дүйнөлүк тоо күн тартибин калыптандыруу жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Жыйындын жүрүшүндө Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү даярдыктын жүрүшүн деталдуу карап чыгып, саммитти уюштуруунун практикалык этабына өтүү үчүн зарыл болгон бир катар чечимдерди кабыл алды. Минкаб төрагасы иш-чарага чейин аз убакыт калганын жана ар күнү тынымсыз иш алып барууну талап кылаарын белгиледи.
Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май алуу маселеси боюнча Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. "Ички өндүрүштү көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев "Жунда" мунай иштетүү заводун кыдырып, бензин жана башка мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасын берди", — деп билдирди министрлик. Мындан тышкары, күйүүчү май жеткирүүчүлөр менен үзгүлтүксүз жолугушуулар өтүп, анда жеткирүү, баа, логистика жана запастарды түзүү маселелери талкууланып жатат.
Бишкекте жаңы медициналык шаарчага көчүрүлө турган ооруканалардын имараттары жабылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, жаңы медициналык шаарчага көчүрүлгөндөн кийин айрым ооруканалардын имараттары жабылып, бошогон жер тилкелери жеке инвесторлорго өткөрүлүп берилет, алар ал жерге эмнени курууну өздөрү чечишет. Буга чейин маалымдалгандай, бийлик өлкөнүн негизги медициналык мекемелерин: Кардиология, Трансплантология, Фтизиатрия борборлорун жана Улуттук госпиталды бир жерге жайгаштыра турган медициналык шаарча курууну пландап жатат.
Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Астана шаарында өткөн эки ири эл аралык мелдештен 10 медаль утуп алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, "Altaic Cup" жана "Kazakhstan Open 2026 G-1" деп аталган рейтингдик турнирлер XX Азия оюндарына даярдыктын алкагында өттү. Алгачкы ирет уюштурулуп, World Taekwondo уюмунун расмий календарына кирген "Altaic Cup" мелдешине 380дей спортчу катышса, "Kazakhstan Open 2026" турниринде 1300дөн ашуун таэквондочу күч сынашкан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 2026-жылдын 21-23-октябрь күндөрү борбор калаада өтө турган "Бишкек+25" Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өттү. Жыйынды ачып жатып, министрлер кабинетинин төрагасы алдыдагы форумдун Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисин белгиледи. Ал белгилегендей, иш-чара эң жогорку деңгээлде уюштурулушу керек, анткени бул дүйнөлүк тоо күн тартибин калыптандыруу жана тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Жыйындын жүрүшүндө Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү даярдыктын жүрүшүн деталдуу карап чыгып, саммитти уюштуруунун практикалык этабына өтүү үчүн зарыл болгон бир катар чечимдерди кабыл алды. Минкаб төрагасы иш-чарага чейин аз убакыт калганын жана ар күнү тынымсыз иш алып барууну талап кылаарын белгиледи.Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май алуу маселеси боюнча Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. "Ички өндүрүштү көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев "Жунда" мунай иштетүү заводун кыдырып, бензин жана башка мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасын берди", — деп билдирди министрлик. Мындан тышкары, күйүүчү май жеткирүүчүлөр менен үзгүлтүксүз жолугушуулар өтүп, анда жеткирүү, баа, логистика жана запастарды түзүү маселелери талкууланып жатат.Бишкекте жаңы медициналык шаарчага көчүрүлө турган ооруканалардын имараттары жабылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, жаңы медициналык шаарчага көчүрүлгөндөн кийин айрым ооруканалардын имараттары жабылып, бошогон жер тилкелери жеке инвесторлорго өткөрүлүп берилет, алар ал жерге эмнени курууну өздөрү чечишет. Буга чейин маалымдалгандай, бийлик өлкөнүн негизги медициналык мекемелерин: Кардиология, Трансплантология, Фтизиатрия борборлорун жана Улуттук госпиталды бир жерге жайгаштыра турган медициналык шаарча курууну пландап жатат.Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Астана шаарында өткөн эки ири эл аралык мелдештен 10 медаль утуп алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, "Altaic Cup" жана "Kazakhstan Open 2026 G-1" деп аталган рейтингдик турнирлер XX Азия оюндарына даярдыктын алкагында өттү. Алгачкы ирет уюштурулуп, World Taekwondo уюмунун расмий календарына кирген "Altaic Cup" мелдешине 380дей спортчу катышса, "Kazakhstan Open 2026" турниринде 1300дөн ашуун таэквондочу күч сынашкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/02/1102188908_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8938286864a32952f7090e07172ef0fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио