00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Развитие южного берега Иссык-Куля: как избежать ошибок «севера»?
08:04
35 мин
ЕАЭС в деталях
Как работает пенсионное соглашение ЕАЭС для тех, кто трудился в нескольких странах Союза
08:55
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Кыргызстан менен Россия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Советы юриста
Меньше бюрократии, больше ответственности: как изменится диалог государства и граждан
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде дары-дармектерди каттоонун жаңы эрежелери: бирдиктүү талаптар кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Буфет, гардероб и сайт с отзывами - преподаватель ГИТИСа о том, где на самом деле начинается театр
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдүн түштүк жээгин узак мөөнөттүү өнүктүрүү концепциясы сунушталды — беш багыт боюнча иштер каралат
13:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Башкы прокуратуранын жамаатына башкы прокурордун милдетин аткарып жаткан Малик Бектургановду тааныштырды. Өкмөт башчы ведомствонун кызматкерлерине кайрылып жатып, жаңы жетекчинин жана жамааттын биринчи кезектеги милдеттерин белгилеген. Ал прокуратура кызматкерлерин мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырганы айтылды. Ушул эле күнү Касымалиев УКМКнын өздүк курамына атайын кызмат жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Максат Асаналиевди да тааныштырды. Ал Кыргызстан президентинин тиешелүү чечимин окуп берип, жаңы жетекчинин алдында турган негизги мамлекеттик милдеттерди белгиледи. Соңунда минкаб төрагасы Асаналиевге маанилүү кызматында ийгиликтерди каалап, УКМКнын өздүк курамы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин ар-намыс жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарарына ишеним арткан. Малик Бектурганов менен Максат Асаналиевдин талапкерлиги эми макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.
30-июнга карата 600дөн ашык жаран 127 млн сом суммасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров билдирди. Анын айтымында, Финансы министрлигинин тескемесине ылайык, жалпысынан 500 млн сом өлчөмүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздар сатыкка чыгарылат. 17-июнда биринчи ирет 100 млн сомдук кагаздар Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасына жайгаштырылган. Учурда дагы 100 млн сомдук баалуу кагаздар чыгарылды.“Жалпысынан 500 млн сомду түзгөн мамлекеттик баалуу кагаздар биринин артынан бири улам биздин аянтчага жайгаштырылат. Жакында үчүнчү 100 млн сомдук баалуу кагаздар чыгарылат. Бул мамлекеттик баалуу кагаздарды кыргызстандыктар гана сатып ала алат. Финансы министрлиги жана министрлер кабинети акча табуу максатында эмес, биздин жарандарга жаңы инструментти сунуштоо максатында баалуу кагаздарды чыгарып жатат. Ошого байланыштуу пайыздык чени жогору болууда”, - деди ал.
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн тейлөө акысы кымбаттады. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы кабарлады. Ага ылайык, Энергетика министрлигинин буйругу менен жаңы баалар бүгүн 1-июлдан тарта күчүнө кирди. Эми ай сайын төлөмдөр батирдин аянтына карап төмөнкүдөй эсептелет: үй ичиндеги жылытуу түтүктөрүн тейлөө үчүн батирдин ар бир чарчы метрине айына 1,59 сомдон; үй ичиндеги ысык суу түтүктөрүн тейлөө үчүн батирдин ар бир чарчы метрине айына 0,79 сомдон кармалат
Жаңылыктар түрмөгү
0