00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
21:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Жасалма интеллектинин доорунда кыргыз балдар адабияты кандай өнүгүшү керек?
19:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Эл кызматында бир кылым : ӨКМдин Өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу кызматына 100 жыл
21:08
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн мамлекеттик тилди билүү талабын күчөтүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн мамлекеттик тилди билүү талабы күчөтүлүп, аны сертификат менен тастыктоо милдеттүү болот. Ушундай эле талап акимдердин орун басарларына жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине да тиешелүү болмокчу. Бирок кызматтык милдеттерин аткарууда аларга кыргыз тили менен катар орус тилин колдонууга уруксат берилет. Иш кагаздары негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, зарыл учурларда расмий тилге которуу жана эки тилде жарыялоо мүмкүнчүлүгү сакталат.Ошондой эле аким же мэр болуп иштөө үчүн ошол райондун же шаардын жергиликтүү тургуну болууга тыюу салган учурдагы чектөөнү алып салуу сунушталууда. Документтин авторлору бул норма Конституцияга каршы келерин белгилешет. Мындан тышкары, жергиликтүү органдардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктары кеңейтилет.
Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган чет элдиктер 31-июлга чейин өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кете алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.Маалыматта мындай учурда чет элдик жарандардан айып пул, өлкөдөн чыгууга уруксат берген виза үчүн мамлекеттик төлөм алынбай турганы айтылат. "ИИМдин аймактык бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү документтерди тиркөө менен e-Visa аркылуу өлкөдөн чыгууга уруксат берген виза толтуруу керек", — деп түшүндүрүп беришти министрликтен.Мындай убактылуу чара кылмыш иши козголгон, соттун чечими чыккан, төлөнбөгөн айып пулу же салыктык карызы бар чет элдиктерге колдонулбайт.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө ведомство башчысы балдар бөлүмүнүн иши менен таанышып, TAVI жогорку технологиялык операциясын ийгиликтүү өткөргөн бейтаптан кабар алды. Ал бейтаптар жана алардын жакындары менен жеке баарлашып, калыбына келтирүү процесси тууралуу кеңири сурап, батырак сакайып кетишин каалады. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Жалил Шейшенов тубаса жүрөк кемтиги хирургиясы бөлүмүндө жаңы төрөлгөн ымыркайлардан баштап улгайган курактагыларга чейин медициналык жардамдын бардык түрү көрсөтүлөрүн белгиледи.Жакында эле биздин адистер үч күндүк ымыркайдын клапанын ачуу боюнча аз инвазивдик операцияны өткөрүштү. Жалпысынан биздин бөлүмдө жылына 400гө чейин эң татаал операциялар жасалат", - деди Жалил Шейшенов.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын оруп-жыйноо өнөктүгүн өз убагында өткөрүү боюнча даярдык иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына караганда, дыйкан-фермерлер ишти активдүү жүргүзүп жатышат."Быйыл республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин жалпы аянты 486 миң гектардан ашат. Данды өз убагында оруп алууга жалпысынан 1 822 комбайн тартылып, орточо эсеп менен бир комбайнга 267 гектар айдоо аянты туура келмекчи", — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0