https://sputnik.kg/20260619/zhmk-kelechegi-kanday-bolot-1101978896.html
Маданият министрлиги кыргызстандык ЖМКлардын келечеги тууралуу ой бөлүштү
Маданият министрлиги кыргызстандык ЖМКлардын келечеги тууралуу ой бөлүштү
Sputnik Кыргызстан
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) атаандаштыктын күчөшүнө жана медиачөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан өнүгүү... 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-19T17:06+0600
2026-06-19T17:06+0600
2026-06-19T17:06+0600
кыргызстан
жмк
маданият министрлиги
медиафорум
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/18/1079793817_0:14:3067:1739_1920x0_80_0_0_d2b65cf7caf78465bc5f1800e35f0aa8.jpg
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) атаандаштыктын күчөшүнө жана медиачөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан өнүгүү потенциалын сактап келет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафорумунда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө салттуу маалымат каражаттары блогерлер жана инфлюенсерлер сыяктуу маалымат айдыңынын жаңы өкүлдөрү менен олуттуу атаандаштык шартында иштеп жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан аудитория үчүн ата мекендик жана чет элдик ар түрдүү маалымат булактары жеткиликтүү болгон ачык өлкө бойдон калууда. Ал белгилегендей, медиафорум салттуу ЖМКлар менен жаңы медиаплатформалардын өз ара байланышын, ошондой эле жалган маалыматтардын, жасалма интеллект аркылуу бурмаланган материалдардын жайылышын жана маалыматтык коопсуздукка байланышкан коркунучтарды талкуулоо үчүн аянтча болду. Министрдин орун басары жакында кабыл алынган ЖМК жөнүндө мыйзам медиарыноктогу заманбап өзгөрүүлөрдү эске аларын жана онлайн-ЖМКлар менен интернет-басылмаларды каттоо маселелерин жөнгө салууну карай турганын кошумчалады. Сарногоева ата мекендик ЖМКлар өзгөрүп жаткан маалыматтык чөйрөдө өз позициясын сактап, мындан ары да ийгиликтүү өнүгөт деген ишенимин билдирди.
https://sputnik.kg/20260619/zhi-adamdyn-kozomolundo-bolushu-kerek-1101978169.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/18/1079793817_106:0:2835:2047_1920x0_80_0_0_8f3fd98432cded46d1b1088c636942ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жмк, маданият министрлиги, медиафорум
кыргызстан, жмк, маданият министрлиги, медиафорум
Маданият министрлиги кыргызстандык ЖМКлардын келечеги тууралуу ой бөлүштү
БОСТЕРИ, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) атаандаштыктын күчөшүнө жана медиачөйрөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан өнүгүү потенциалын сактап келет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева ШКУга мүчө мамлекеттердин медиафорумунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө салттуу маалымат каражаттары блогерлер жана инфлюенсерлер сыяктуу маалымат айдыңынын жаңы өкүлдөрү менен олуттуу атаандаштык шартында иштеп жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан аудитория үчүн ата мекендик жана чет элдик ар түрдүү маалымат булактары жеткиликтүү болгон ачык өлкө бойдон калууда.
"Кыргызстандын ЖМКлары эч качан бир орунда турган эмес. Жаңы оюнчулар пайда болуп, тармак өзгөрүп жатканына карабастан алардын мүмкүнчүлүгүн сактап калуу маанилүү", — деди Сарногоева.
Ал белгилегендей, медиафорум салттуу ЖМКлар менен жаңы медиаплатформалардын өз ара байланышын, ошондой эле жалган маалыматтардын, жасалма интеллект аркылуу бурмаланган материалдардын жайылышын жана маалыматтык коопсуздукка байланышкан коркунучтарды талкуулоо үчүн аянтча болду.
Министрдин орун басары жакында кабыл алынган ЖМК жөнүндө мыйзам медиарыноктогу заманбап өзгөрүүлөрдү эске аларын жана онлайн-ЖМКлар менен интернет-басылмаларды каттоо маселелерин жөнгө салууну карай турганын кошумчалады.
Сарногоева ата мекендик ЖМКлар өзгөрүп жаткан маалыматтык чөйрөдө өз позициясын сактап, мындан ары да ийгиликтүү өнүгөт деген ишенимин билдирди.