https://sputnik.kg/20260619/ukrainanyn-ebge-tezdetilgen-shartta-kirishine-zhol-berilgen-zhok-1101977400.html
Мадьяр Украинанын ЕБге тездетилген шартта киришине жол берген жок
Мадьяр Украинанын ЕБге тездетилген шартта киришине жол берген жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдик саммитинин жыйынтыгы менен түзүлгөн декларациядан Украинанын ЕБге өзгөчө... 19.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-19T15:52+0600
2026-06-19T15:52+0600
2026-06-19T15:52+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
венгрия
украина
евробиримдик
петер мадьяр
кошулуу
документ
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101971774_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_01007337548da24d7ceb3805e02069ea.jpg
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдик саммитинин жыйынтыгы менен түзүлгөн декларациядан Украинанын ЕБге өзгөчө шартта кошулушу тууралуу пунктуну алдырып салды. Бул тууралуу ал Facebook* баракчасынан билдирди. Июндун башында премьер Будапешт Киев менен Карпаттагы венгрлердин укугун калыбына келтирүү боюнча бир пикирге келгенден кийин Украинанын Евробиримдикке кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого жолтоо болбой турганын билдирген. Деген менен Венгрия кайсы мамлекет болбосун, анын уюмга тездетилген шартта кошулушуна каршы. 12-июнь күнү Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕБдин бардык мүчөлөрү Украина менен Молдованын кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдугун бергенин жар салган. * Meta ишмердүүлүгү (Facebook менен Instagram) Россияда тыюу салынган
https://sputnik.kg/20260619/rossiya-suyloshuu-evropa-olko-bashchy-ekige-boldu-1101973420.html
венгрия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/13/1101971774_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_1a42b631933115c48634602ad99afe2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, венгрия, украина, евробиримдик, петер мадьяр , кошулуу, документ
дүйнөдө, венгрия, украина, евробиримдик, петер мадьяр , кошулуу, документ
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдик саммитинин жыйынтыгы менен түзүлгөн декларациядан Украинанын ЕБге өзгөчө шартта кошулушу тууралуу пунктуну алдырып салды. Бул тууралуу ал Facebook* баракчасынан билдирди.
"Венгриянын берген сунуштарын эске алуу менен бир нече жумада эң акыркы текст иштелип бүттү. Менин демилгем менен Украинанын ЕБге тездетилген шартта кошулуусуна байланыштуу жери алып салынды. Оңой болгон жок", — деди Мадьяр.
Июндун башында премьер Будапешт Киев менен Карпаттагы венгрлердин укугун калыбына келтирүү боюнча бир пикирге келгенден кийин Украинанын Евробиримдикке кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого жолтоо болбой турганын билдирген. Деген менен Венгрия кайсы мамлекет болбосун, анын уюмга тездетилген шартта кошулушуна каршы.
12-июнь күнү Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕБдин бардык мүчөлөрү Украина менен Молдованын кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого макулдугун бергенин жар салган.
* Meta ишмердүүлүгү (Facebook менен Instagram) Россияда тыюу салынган