https://sputnik.kg/20260617/rossiya-zhurnalist-bloger-student-synak-1101924026.html
Студенттер, блогерлер жана журналисттер россиялык сынакка катыша алат
Студенттер, блогерлер жана журналисттер россиялык сынакка катыша алат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк студенттер, жаш журналисттер, блогерлер жана медиаконтент авторлору үчүн “Эртеңки күндөн кийинки билим берүү”... 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T15:59+0600
2026-06-17T15:59+0600
2026-06-17T16:17+0600
россия
журналисттер
блогер
студент
сынак
https://sputnik.kg/img/07e8/04/18/1084539541_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_7b29048b50ca62ccfbf82f36dc782c11.jpg
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк студенттер, жаш журналисттер, блогерлер жана медиаконтент авторлору үчүн “Эртеңки күндөн кийинки билим берүү” (Образование послезавтра) аттуу эл аралык журналисттик иштердин сынагына билдирмелерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу — Патрис Лумумба атындагы элдердин достугу университетинин (РУДН) маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, аталган сынак эл аралык жаштар кызматташтыгын өнүктүрүүгө, россиялык билим берүүнү жайылтууга жана Россиядагы билим берүү, маданият, орус тили, саякаттар, ошондой эле окуунун заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сапаттуу медиаконтент түзүүгө кызыкдар болгон таланттуу авторлорду колдоого багытталган.Конкурстун шарты боюнча, катышуучулар келечектин билимине жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкка болгон өз көз карашын чагылдырган журналисттик материалдарды даярдашы керек. Эң мыкты деп табылган авторлор Россиянын алдыңкы университеттеринде өтө турган медиаэкспедицияга катыша алышат. Ал эми сынактын жеңүүчүсү долбоордун уюштуруучуларынын эсебинен РУДНдин магистратурасында акысыз окуу үчүн грантка ээ болот.РУДНдин билим берүү ишмердүүлүгү боюнча проректору Юлия Эбзеева бул долбоор агартуучулук жана эл аралык миссияны аткарып жатканын белгиледи.Долбоордун негизги этаптарынын бири эл аралык медиаэкспедиция болмокчу. Анын катышуучулары Россиянын алдыңкы университеттери, билим берүү инфраструктурасы, илимий долбоорлору жана аймактардын маданий көп түрдүүлүгү менен жакындан тааныша алышат.Сынактын өткөн жылдагы катышуучусу, Беларустан келген студент Матвей Маклаков бул долбоор анын жеке жана кесиптик өнүгүүсү үчүн кандай мааниге ээ болгонун айтып берди.Ал эми Кыргызстандан барган студент кыз Бахиана Тилебалдиева ачык лекциялар жана спикерлер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү эсинде калганын айтты.Сынакка катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 10-июлуна чейин уланат. Конкурстук иштерди даярдоого 16-июлдан 31-июлга чейин убакыт берилет. Ал эми Россия боюнча медиаэкспедиция 9-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтөт. Сынактын жыйынтыгын расмий түрдө чыгаруу жана корутундулоо 30-ноябрга чейин созулат.Уюштуруучулар эл аралык диалогду өнүктүрүүгө жана заманбап Россия менен россиялык билим берүү тууралуу объективдүү контент түзүүгө кызыкдар болгон бардык студенттерди, жаш журналисттерди, блогерлерди жана медиадолбоорлордун авторлорун сынакка катышууга чакырат.
https://sputnik.kg/20220616/kyrgyzstan-zhashtar-grant-uttu-1065305717.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/18/1084539541_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_f9a0f1e57c1d5c038139f880249b262b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, журналисттер, блогер, студент, сынак
россия, журналисттер, блогер, студент, сынак
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россияда чет өлкөлүк студенттер, жаш журналисттер, блогерлер жана медиаконтент авторлору үчүн “Эртеңки күндөн кийинки билим берүү” (Образование послезавтра) аттуу эл аралык журналисттик иштердин сынагына билдирмелерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу — Патрис Лумумба атындагы элдердин достугу университетинин (РУДН) маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган сынак эл аралык жаштар кызматташтыгын өнүктүрүүгө, россиялык билим берүүнү жайылтууга жана Россиядагы билим берүү, маданият, орус тили, саякаттар, ошондой эле окуунун заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сапаттуу медиаконтент түзүүгө кызыкдар болгон таланттуу авторлорду колдоого багытталган.
Конкурстун шарты боюнча, катышуучулар келечектин билимине жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкка болгон өз көз карашын чагылдырган журналисттик материалдарды даярдашы керек. Эң мыкты деп табылган авторлор Россиянын алдыңкы университеттеринде өтө турган медиаэкспедицияга катыша алышат. Ал эми сынактын жеңүүчүсү долбоордун уюштуруучуларынын эсебинен РУДНдин магистратурасында акысыз окуу үчүн грантка ээ болот.
РУДНдин билим берүү ишмердүүлүгү боюнча проректору Юлия Эбзеева бул долбоор агартуучулук жана эл аралык миссияны аткарып жатканын белгиледи.
“2025-жылдагы сынакка дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 500дөн ашык жаш авторлор катышты, биз буга абдан кубанычтабыз. Бул эң сонун жыйынтык жана россиялык билим берүүгө болгон кызыгуунун жогору экендигинин көрсөткүчү. Биз үчүн Россия жөнүндө жөн гана айтып берүү эмес, объективдүү чындыкты — бүгүнкү заманбап Россия Федерациясын кандай болсо, дал ошондой: ачык, өнүгүп жаткан жана бүткүл дүйнөнүн жаштары үчүн мүмкүнчүлүктөргө толгон өлкө катары көрсөтүү маанилүү”, — деди ал.
Долбоордун негизги этаптарынын бири эл аралык медиаэкспедиция болмокчу. Анын катышуучулары Россиянын алдыңкы университеттери, билим берүү инфраструктурасы, илимий долбоорлору жана аймактардын маданий көп түрдүүлүгү менен жакындан тааныша алышат.
Сынактын өткөн жылдагы катышуучусу, Беларустан келген студент Матвей Маклаков бул долбоор анын жеке жана кесиптик өнүгүүсү үчүн кандай мааниге ээ болгонун айтып берди.
“Бул — менин чет өлкөгө болгон алгачкы сапарым жана ушундай масштабдуу эл аралык турга катышуудагы биринчи тажрыйбам. Бул жерде мен жаңы адамдар жана маданияттар менен таанышып гана тим болбостон, өзүмдүн сүйүктүү ишим менен алектенип, контент түзүп, өз идеяларымды илгерилетип жана мен үчүн маанилүү болгон баалуулуктар менен бөлүшө алганым абдан маанилүү болду. Мындай тажрыйба адамга дем-күч берип, өнүгүүгө жана өзүн-өзү көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө жаңыча көз караш менен кароого жардам берет”, — деп белгиледи ал.
Ал эми Кыргызстандан барган студент кыз Бахиана Тилебалдиева ачык лекциялар жана спикерлер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү эсинде калганын айтты.
“Өзгөчө россиялык университеттерде билим алуу жана анын студенттер үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тема абдан кызыктуу болду. Ошондой эле тажрыйба топтоо билим берүү процессинин милдеттүү бөлүгү экени мен үчүн маанилүү болду. Анткени дал ушул нерсе алынган билимди иш жүзүндө колдонууга жана реалдуу кесиптик тажрыйбага ээ болууга көмөктөшөт”, — деди кыргызстандык студент.
Сынакка катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 10-июлуна чейин уланат. Конкурстук иштерди даярдоого 16-июлдан 31-июлга чейин убакыт берилет. Ал эми Россия боюнча медиаэкспедиция 9-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтөт. Сынактын жыйынтыгын расмий түрдө чыгаруу жана корутундулоо 30-ноябрга чейин созулат.
Уюштуруучулар эл аралык диалогду өнүктүрүүгө жана заманбап Россия менен россиялык билим берүү тууралуу объективдүү контент түзүүгө кызыкдар болгон бардык студенттерди, жаш журналисттерди, блогерлерди жана медиадолбоорлордун авторлорун сынакка катышууга чакырат.