https://sputnik.kg/20260419/1100873280.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Арыбаныздар ардактуу угармандар. Обо толкунунда жанылыктар...80ден ашык адамды алдады деп шектелген аял кармалды Захарова “совет элинин геноциди” деген термин... 19.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-19T17:00+0600
2026-04-19T17:00+0600
2026-04-19T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/13/1100873114_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_55f3e0b5622064b90e546a66e2b10061.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Арыбаныздар ардактуу угармандар. Обо толкунунда жанылыктар...80ден ашык адамды алдады деп шектелген аял кармалды Захарова “совет элинин геноциди” деген термин БУУнун айрым документтеринде пайда боло баштаганын билдирди.Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри өзгөрөт. Мыйзам долбоору талкууга коюлду. Алдыда кененирээк...Министрлер Кабинети мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.Долбоорго ылайык, Тышкы иштер министрлиги аркылуу көрсөтүлгөн кызматтар кеңейтилет жана Е-Дипломат мекемеси системага кошулат. Жаңы киргизиле турган акы төлөнүүчү кызматтардын арасында:эл аралык конференциялар, форумдар жана тренингдерди уюштуруу;дипломатиялык өкүлчүлүктөргө зал, имарат жана жабдуу берүү;чет элдик өкүлчүлүктөр үчүн кыска мөөнөттүү автоунаа ижарасы бар.Өкмөт бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана "Е-Дипломаттын" өзүн-өзү каржылоого өтүшүнө шарт түзүү максатын көздөй турганын билдирди. Ошондой эле бул бюджеттен кошумча чыгым талап кылбай турганы белгиленди.
80ден ашык кишинин 3 миллион сомдон ашык акчасын алдап кеткен деп шектелген аял кармалды Милицияга даттангандардын айтымында, шектүү оор илдетке кабылгандарды айыктырган дары-дармек сатып, анын эсебинен кардарларын жакырчылыктан чыгарууну убада кылган. Элдин акчасын алгандан кийин товарын да, акчасын да бербей кеткен дешти. Тергөөнүн жүрүшүндө 46 жаштагы аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция башка жабырлануучуларды да издеп жатат.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова “совет элинин геноциди” деген термин БУУнун айрым документтеринде пайда боло баштаганын айтты. “ Бул багыттагы иштерди россиялык дипломаттар жигердүү жүргүзүп жатышат. Мисалы, БУУнун Уставын коргоо боюнча "Тилектештер" тобунун бир катар билдирүүлөрүндө “совет элинин геноциди” деген термин аталууда", — деген ал ТАСС агенттигине берген маегинде. Захарова “геноцид” түшүнүгү Россияда жана Батышта ар башкача чечмелениши тууралуу суроого жооп берип жатып, бул терминдин эл аралык укуктук так аныктамасы бар экенин эске салды. Анын сөзүнө караганда, кеп СССР жарандарына каршы геноцид түшүнүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштардын бардык түрү колдонулган өзгөчө тарыхый факт тууралуу болуп жатат. Захарованын айтымында, БУУдан башка эл аралык аянтчаларда дагы бул багыттагы иштер уланууда.
Колумбиянын президенти Петро Густаво эгер Вашингтон аймакка карата басым жасоо жана опузалоо саясатын кайрадан жакшылап карап чыкпаса, Латын Америкасында АКШга каршы көтөрүлүш чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Кырдаал мындан бир нече кылым мурда Испан падышалыгынын тушундагы системага баратат. Ал кезде Латын Америкасы кандай жооп кайтарды эле? Албетте, көтөрүлүш менен. Эгер АКШнын өкмөтү Латын Америкасы менен ымаласын өзгөртө албаса, азыр да дал ушундай окуя кайталанат", — деген ал. Ошондой эле ал АКШ санкцияларын эгемен саясат жүргүзгөн өлкөлөргө басым жасоонун куралы катары колдонулуп жатканын баса белгиледи. Петро муну өзү АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы тизмесине киргенде түшүнгөнүн айтты.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 14 тыйынга юань 12 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 76 сом 60 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 82 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 83 сомдон тарта бааланса, унаа газынын литри 40 сомдун тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 20-апрелге караган түнү өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртен дүйшөмбүдө Нарын облусунан башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад облустарында +21...+26, Ысык-Көл жергесинде +13...+18, Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Арыбаныздар ардактуу угармандар. Обо толкунунда жанылыктар...80ден ашык адамды алдады деп шектелген аял кармалды Захарова “совет элинин геноциди” деген термин БУУнун айрым документтеринде пайда боло баштаганын билдирди.Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри өзгөрөт. Мыйзам долбоору талкууга коюлду. Алдыда кененирээк...Министрлер Кабинети мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.Долбоорго ылайык, Тышкы иштер министрлиги аркылуу көрсөтүлгөн кызматтар кеңейтилет жана Е-Дипломат мекемеси системага кошулат. Жаңы киргизиле турган акы төлөнүүчү кызматтардын арасында:эл аралык конференциялар, форумдар жана тренингдерди уюштуруу;дипломатиялык өкүлчүлүктөргө зал, имарат жана жабдуу берүү;чет элдик өкүлчүлүктөр үчүн кыска мөөнөттүү автоунаа ижарасы бар.Өкмөт бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана "Е-Дипломаттын" өзүн-өзү каржылоого өтүшүнө шарт түзүү максатын көздөй турганын билдирди. Ошондой эле бул бюджеттен кошумча чыгым талап кылбай турганы белгиленди.80ден ашык кишинин 3 миллион сомдон ашык акчасын алдап кеткен деп шектелген аял кармалды Милицияга даттангандардын айтымында, шектүү оор илдетке кабылгандарды айыктырган дары-дармек сатып, анын эсебинен кардарларын жакырчылыктан чыгарууну убада кылган. Элдин акчасын алгандан кийин товарын да, акчасын да бербей кеткен дешти. Тергөөнүн жүрүшүндө 46 жаштагы аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция башка жабырлануучуларды да издеп жатат. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова “совет элинин геноциди” деген термин БУУнун айрым документтеринде пайда боло баштаганын айтты. “ Бул багыттагы иштерди россиялык дипломаттар жигердүү жүргүзүп жатышат. Мисалы, БУУнун Уставын коргоо боюнча "Тилектештер" тобунун бир катар билдирүүлөрүндө “совет элинин геноциди” деген термин аталууда", — деген ал ТАСС агенттигине берген маегинде. Захарова “геноцид” түшүнүгү Россияда жана Батышта ар башкача чечмелениши тууралуу суроого жооп берип жатып, бул терминдин эл аралык укуктук так аныктамасы бар экенин эске салды. Анын сөзүнө караганда, кеп СССР жарандарына каршы геноцид түшүнүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштардын бардык түрү колдонулган өзгөчө тарыхый факт тууралуу болуп жатат. Захарованын айтымында, БУУдан башка эл аралык аянтчаларда дагы бул багыттагы иштер уланууда.Колумбиянын президенти Петро Густаво эгер Вашингтон аймакка карата басым жасоо жана опузалоо саясатын кайрадан жакшылап карап чыкпаса, Латын Америкасында АКШга каршы көтөрүлүш чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Кырдаал мындан бир нече кылым мурда Испан падышалыгынын тушундагы системага баратат. Ал кезде Латын Америкасы кандай жооп кайтарды эле? Албетте, көтөрүлүш менен. Эгер АКШнын өкмөтү Латын Америкасы менен ымаласын өзгөртө албаса, азыр да дал ушундай окуя кайталанат", — деген ал. Ошондой эле ал АКШ санкцияларын эгемен саясат жүргүзгөн өлкөлөргө басым жасоонун куралы катары колдонулуп жатканын баса белгиледи. Петро муну өзү АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы тизмесине киргенде түшүнгөнүн айтты.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 103 сом 14 тыйынга юань 12 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 76 сом 60 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 82 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 83 сомдон тарта бааланса, унаа газынын литри 40 сомдун тегерегинде сатылууда.Аба ырайы 20-апрелге караган түнү өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртен дүйшөмбүдө Нарын облусунан башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад облустарында +21...+26, Ысык-Көл жергесинде +13...+18, Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/13/1100873114_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_65051759a66b5c7fcbd20a6c66547f24.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио