https://sputnik.kg/20260413/batyshta-vengriyadagy-shayloolor-tuuraluu-kepter-arbydy-1100756611.html
"Европа тузакка илинди". Батышта Венгриядагы шайлоолор тууралуу сөз болууда
"Европа тузакка илинди". Батышта Венгриядагы шайлоолор тууралуу сөз болууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Европа биримдиги Венгриядагы шайлоодо премьер-министр Виктор Орбандын жеңилүүсүн майрамдап жатып, өзү капканга түшүп калды. Себеби... 13.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-13T13:30+0600
2026-04-13T13:30+0600
2026-04-13T13:30+0600
дүйнөдө
европа
венгрия
европа биримдиги
виктор орбан
парламенттик шайлоо
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0f/1081262633_0:52:3071:1779_1920x0_80_0_0_afae121aac8bc79c1ed539107af191e3.jpg
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Европа биримдиги Венгриядагы шайлоодо премьер-министр Виктор Орбандын жеңилүүсүн майрамдап жатып, өзү капканга түшүп калды. Себеби анын ордун баса турган Петер Мадьярдын көз карашы да Брюсселдин расмий позициясынан кыйла айырмаланат деп жазды Швейцариянын Die Weltwoche басылмасы. Мадьяр менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиледе эң негизги баш оору Украина маселеси болорун жазган. Польшанын премьер-министри Дональд Туск Мадьярдын партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишин "өз күчүнө ишенбегендер үчүн кагылган коңгуроо" деп мүнөздөдү. Ал эми буга чейин Х социалдык тармагында Венгрия тууралуу "Европага кайрадан кош келиңиздер", — деп жазган. Шайлоонун жыйынтыгына венгр-америкалык финансист Жорж Сорос да Венгрия эли "өз өлкөсүн кайтарып алды" деген баасын берген. Белгилүү ишкер Илон Маск Соростун бул билдирүүсүнө "Венгрияда бийликти Соростун уюму колго алды" деп комментарий кылган. Европарламенттин Словакиядан шайланган депутаты Любош Блага "Тиса" менен Мадьярдын жеңишин Венгриядагы, Европадагы кара жолтой күн деп атады. Венгрлерди эми "тозок" күтүп жатат, ал эми Брюссель, кыязы, өлкөнү "жаңы колониясына" айлантат деген пикирин билдирди. Венгрияда кечээ парламенттик шайлоо өтүп, 199 депутат шайланды. Добуштардын 98,9 пайызын оппозициялык маанайдагы Петер Мадьяр жетектеген "Тиса" партиясы алган. Аларга Улуттук Жыйындан 138 орун тийди. Шайлоо Украина жана ЕБ тарабынан азыркы өкмөттүн бийликте калышына жол бербөө аракеттеринин фонунда өткөнү айтылууда. Башкы атаандаш катары Мадьяр жетектеген "Тиса" партиясы каралган. Ал Европа биримдиги жана НАТО менен тыгыз кызматташууну көздөйт дешүүдө. Учурдагы бийлик аны Украинаны каржылоону жана анын ЕБге аялдабай киришин колдойт деп эсептейт. Бийлик буга чейин бир нече жолу эгер "Тиса" партиясы бийликке келсе жалпы европалык саясатты, анын ичинде Украинаны каржылоону, Евробиримдикке кирүүнү колдойт деп билдирип келген.
https://sputnik.kg/20260413/orban-shayloodo-utulganyn-moyundady-1100751011.html
европа
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0f/1081262633_342:0:3071:2047_1920x0_80_0_0_9756eaed4c9eea219b1c4c2caf0abc00.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа, венгрия, европа биримдиги, виктор орбан, парламенттик шайлоо
дүйнөдө, европа, венгрия, европа биримдиги, виктор орбан, парламенттик шайлоо
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Европа биримдиги Венгриядагы шайлоодо премьер-министр Виктор Орбандын жеңилүүсүн майрамдап жатып, өзү капканга түшүп калды. Себеби анын ордун баса турган Петер Мадьярдын көз карашы да Брюсселдин расмий позициясынан кыйла айырмаланат деп жазды Швейцариянын
Die Weltwoche басылмасы.
"Орбан кетти, Европа кубанып жатат, бирок сүйүнүүгө али эрте. Ал капканга түшүп жатат. Дүйнөсү түгөл болуп, көзү тумандаган ЕБ жагымсыз бир чындыкты байкабай турат. Жаңы лидер иш жүзүндө анчалык деле европачыл маанайда эмес", — деп жазган макаланын автору.
Мадьяр менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиледе эң негизги баш оору Украина маселеси болорун жазган.
"Баарынан мурда Мадьяр Украинаны жактаган саясатчы эместигин эске салсак. Ал Киевдин НАТОго жана ЕБге киришине карата бир нече ирет күмөн саноосун билдирген. Ал тургай Украинага курал-жарак жеткирүүгө да каршы чыгууда... Брюссель анчалык сүйүнө бербеши керек", — деп басылма баса белгилеген.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск Мадьярдын партиясынын парламенттик шайлоодогу жеңишин "өз күчүнө ишенбегендер үчүн кагылган коңгуроо" деп мүнөздөдү. Ал эми буга чейин Х социалдык тармагында Венгрия тууралуу "Европага кайрадан кош келиңиздер", — деп жазган.
Шайлоонун жыйынтыгына венгр-америкалык финансист Жорж Сорос да Венгрия эли "өз өлкөсүн кайтарып алды" деген баасын берген.
Белгилүү ишкер Илон Маск Соростун бул билдирүүсүнө "Венгрияда бийликти Соростун уюму колго алды" деп комментарий кылган.
Европарламенттин Словакиядан шайланган депутаты Любош Блага "Тиса" менен Мадьярдын жеңишин Венгриядагы, Европадагы кара жолтой күн деп атады. Венгрлерди эми "тозок" күтүп жатат, ал эми Брюссель, кыязы, өлкөнү "жаңы колониясына" айлантат деген пикирин билдирди.
Венгрияда кечээ парламенттик шайлоо өтүп, 199 депутат шайланды. Добуштардын 98,9 пайызын оппозициялык маанайдагы Петер Мадьяр жетектеген "Тиса" партиясы алган. Аларга Улуттук Жыйындан 138 орун тийди. Шайлоо Украина жана ЕБ тарабынан азыркы өкмөттүн бийликте калышына жол бербөө аракеттеринин фонунда өткөнү айтылууда.
Башкы атаандаш катары Мадьяр жетектеген "Тиса" партиясы каралган. Ал Европа биримдиги жана НАТО менен тыгыз кызматташууну көздөйт дешүүдө. Учурдагы бийлик аны Украинаны каржылоону жана анын ЕБге аялдабай киришин колдойт деп эсептейт.
Бийлик буга чейин бир нече жолу эгер "Тиса" партиясы бийликке келсе жалпы европалык саясатты, анын ичинде Украинаны каржылоону, Евробиримдикке кирүүнү колдойт деп билдирип келген.