00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Өлкөдө сугат суутартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
13:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От опиумных войн к сверхдержаве: почему важно понимать Китай и его прошлое
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гематологиялык ооруларды кантип алдын алса болот?
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
125 граммов памяти: как в школах Кыргызстана говорят о блокаде Ленинграда
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что получил Кыргызстан от январского заседания Совета ЕЭК
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Аян»: психологиялык драма, адамдын ички дүйнөсүнө саякаттаган жаңы тасма
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Структура личности
«Моя юность прошла в Афганистане» - личная история Игоря Чапышева
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гематологиялык ооруларды кантип алдын алса болот?
21:04
51 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаа берилди, бирок айдоочуларды өздөрү жалдашы керек. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга атын атагысы келбеген парламентарий билдирди. Кечээ президенттин иш башкармалыгы эл өкүлдөрүнө LiXiang L7 үлгүсүндөгү жаңы автоунааларды тапшырган. Депутаттар ар кимиси өзүнө бөлүнгөн темир тулпардын материалдык жоопкерчилигин ала тургандыгы боюнча кол коюп беришкен. Автоунааны кароо, зарылдык жаралса оңдоп-түзөөгө байланышкан башка чыгымдарын төлөө парламентарийлердин мойнуна жүктөлдү. Автоунаа кытай өндүрүшүнөн чыккандыктан, анын системасындагы функцияларды түшүнүктүү тилге котортууну да эл өкүлдөрү өздөрү жасашы керек.
Такси айдоочулары президенттен оң рулдуу унаа менен 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу "Кабылан" такси айдоочулар кесиптик бирлигинин төрагасы Улан Чолпонбаев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирдиАнын айтымында, 21-январдан бери 400дөн ашык оң рулдуу унаа айдоочуларынан лицензия алуу боюнча кайрылуу түшкөн. Ошондой эле ал учурда лицензия алуу үчүн аскердик билет жана Салык кызматынан маалым кат талап кылынбай калганын айтты. Мындан тышкары, 083 медициналык маалым катты катталган жерден эмес, жашаган жериндеги бейтапканадан алууга болорун кошумчалады. Андан сырткары, эфирдин жүрүшүндө Бишкек мэриясына коомдук транспорт жүрүүчү тилке менен таксилерге да жүрүүгө уруксат берүү өтүнүчү жөнөтүлөрү маалымдалды. Белгилей кетсек, 1-февралдан тартып жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия алуу милдеттүү болот. Буга чейин ИИМ такси кызматына карата талаптарды иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда оң рулдуу унаа менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынган.
Жалал-Абад облусунда өспүрүм кызга зомбулук көрсөттү деген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош облусунун 37 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 9-январда 16 жаштагы кыз үч адам тарабынан себепсиз сабалып, зомбулукка кабылганын билдирген. Кыздын төбө чачы жана каштары күч менен кырдырылып, ар кайсы жеринен жаракат да алганын да кабарлаган. Жабырланган өспүрүм Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Бул факт боюнча "Сабоо жана кыйноо" беренеси боюнча иш козголгон. 19 жаштагы бала жана 37 жаштагы аял аттуушектүү катары кармалып, бир айга камакка алынды. Милиция алардын эмне себептен мындай ишке барганы белгисиз болуп жатканын, кылмышка шектүү Т.Н. аттуу аял мурда бейбаштык жана алдамчылык үчүн соттолгонун айтты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинага карала турган коопсуздук кепилдиктери боюнча жалпы макулдашуу болгонун АКШнын Сенатындагы комитетте сүйлөп жатып айтты. "Учурда коопсуздук кепилдиги боюнча кеп арбын айтылууда. Эгерде Украина боюнча сөз кылсак, негизинен бул жаатта жалпы макулдашуу бар", — деген Рубио. Ал аталган маселе Европа аскерлеринин "чакан контингентин" жайгаштырууну, ошондой эле АКШнын колдоосун камтый турганын белгиледи. Американын көмөгүсүз мындай кепилдиктер "пайдасыз" болот деп белгилеген. Мамлекеттик катчынын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду эки тараптуу болуп, бирок ага Кошмо Штаттар да катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0