https://sputnik.kg/20260104/1099003570.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда такси лицензиясын текшерип, рейд жүргүзүү 2-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы... 04.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-04T17:00+0600
2026-01-04T17:00+0600
2026-01-04T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/04/1099003404_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0d1203c039207c09a330efd318b73287.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда такси лицензиясын текшерип, рейд жүргүзүү 2-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Анда белгиленгендей, таксилерге лицензия берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыктан, айдоочулар бул убакытка чейин лицензия алышы керек."Учурда кезек жок, кызмат тез жана ыңгайлуу көрсөтүлүүдө. Такси кызматына лицензияларды берүү өлкө аймагындагы ЖКККБнын бардык бөлүмдөрүндө жүрүп жатат. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй мөөнөт аяктоого жакын калганда элдин саны кескин көбөйүп, узун кезек жана ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан лицензия алууда акыркы күндү күтпөстөн, азыртадан алууну сунуштайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл 22-августтан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Жаңы талап боюнча, такси кызматында лицензиясы бар гана айдоочулар иштей алышат. Анын акысы: жеке жактарга жылына 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сомду түзөт. Айдоочу тийиштүү лицензиясы жок ишкердик кылса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айып төлөйт. Лицензия үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар, жылына медициналык текшерилүүдөн өткөн, унаасын да жылына техникалык кароодон өткөргөн, сот жоопкерчилигине тартылбаган айдоочуларга берилет. Ошондой эле мыйзамда каралгандай, оң рулдуу унаалар такси кызматын көрсөтө алышпайт.
"Кыргыз темир жолу" улуттук ишканасынын базасында 15 “локоробот” чыгарылып, ишканага 130 вагон сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки планында жазылган. Анда автономдуу, маневрларды жасап, сүйрөй турган “локоробот” агрегаттарын чыгарууну жөнгө салуу каралган. Беш жылда мындай 15 агрегат чыгаруу максатталууда. Буга кошумча ишкананын 100 жүк ташуучу жана 30 жүргүнчү ташуучу вагондору жаңыртылмакчы. “Локоробот” — вагондорду сүйрөөгө арналган агрегат. Ал адатта аралыктан башкарылат.
Кыргызстан "Евразиялык санарип көпүрө" долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки планында жазылган. Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев, өткөн жылдын 30-декабрында алдыңкы жылдарга карата аткарыла турган иштердин планын бекиткен. Аталган долбоор 2028-жылдын төртүнчү кварталына чейин ишке ашырылмакчы. "Евразиялык санарип көпүрөнүн" алкагында “Түндүк” системасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн e-Gov платформалары менен интеграциялоо каралган. Бул Кыргызстандын жарандарына жана бизнес өкүлдөрүнө чет өлкөдө жүргөндө мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде алуу жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет", — деп айтылат документте. Планда долбоор республикалык бюджеттен жана өнөктөштөрдүн инвестициясынан каржыланары көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда такси лицензиясын текшерип, рейд жүргүзүү 2-февралдан тартып башталат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Анда белгиленгендей, таксилерге лицензия берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыктан, айдоочулар бул убакытка чейин лицензия алышы керек."Учурда кезек жок, кызмат тез жана ыңгайлуу көрсөтүлүүдө. Такси кызматына лицензияларды берүү өлкө аймагындагы ЖКККБнын бардык бөлүмдөрүндө жүрүп жатат. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй мөөнөт аяктоого жакын калганда элдин саны кескин көбөйүп, узун кезек жана ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан лицензия алууда акыркы күндү күтпөстөн, азыртадан алууну сунуштайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл 22-августтан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу унаа менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Жаңы талап боюнча, такси кызматында лицензиясы бар гана айдоочулар иштей алышат. Анын акысы: жеке жактарга жылына 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сомду түзөт. Айдоочу тийиштүү лицензиясы жок ишкердик кылса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айып төлөйт. Лицензия үч жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар, жылына медициналык текшерилүүдөн өткөн, унаасын да жылына техникалык кароодон өткөргөн, сот жоопкерчилигине тартылбаган айдоочуларга берилет. Ошондой эле мыйзамда каралгандай, оң рулдуу унаалар такси кызматын көрсөтө алышпайт."Кыргыз темир жолу" улуттук ишканасынын базасында 15 “локоробот” чыгарылып, ишканага 130 вагон сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки планында жазылган. Анда автономдуу, маневрларды жасап, сүйрөй турган “локоробот” агрегаттарын чыгарууну жөнгө салуу каралган. Беш жылда мындай 15 агрегат чыгаруу максатталууда. Буга кошумча ишкананын 100 жүк ташуучу жана 30 жүргүнчү ташуучу вагондору жаңыртылмакчы. “Локоробот” — вагондорду сүйрөөгө арналган агрегат. Ал адатта аралыктан башкарылат.Кыргызстан "Евразиялык санарип көпүрө" долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки планында жазылган. Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев, өткөн жылдын 30-декабрында алдыңкы жылдарга карата аткарыла турган иштердин планын бекиткен. Аталган долбоор 2028-жылдын төртүнчү кварталына чейин ишке ашырылмакчы. "Евразиялык санарип көпүрөнүн" алкагында “Түндүк” системасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн e-Gov платформалары менен интеграциялоо каралган. Бул Кыргызстандын жарандарына жана бизнес өкүлдөрүнө чет өлкөдө жүргөндө мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде алуу жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет", — деп айтылат документте. Планда долбоор республикалык бюджеттен жана өнөктөштөрдүн инвестициясынан каржыланары көрсөтүлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/04/1099003404_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_41cb311939ae1b2a2a7e3fb4c69c653b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио