00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:55
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Как привести себя в форму после новогодних застолий - советы нутрициолога
16:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
Зор тажырыйба топтоп, мыкты мотивация менен кайтып келдим – “Витебск-2025” сынагынын байге ээси Рыскелди Старбеков менен маек
17:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
Политические итоги года: выборы в ЖК, саммит ОДКБ, решение вопросов границ
18:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Экономикалык панорама
Акча кантип пайда болгон? Акчанын пайда болуу тарыхы жана жүгүртүү механизмдери тууралуу
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Особый акцент
Обязательное страхование работников: что требует закон на практике - разъясняет юрист
20:10
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ 10 жыл аралыгында алдына койгон негизги 4 интеграциялык багыттарын ишке ашыра алды. Министр менен маек
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанга пандемияларды алдын алууга 31,79 миллион доллар берилет. Тиешелүү макулдашуу ратификацилоо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилген. Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан “Бирдиктүү ден соолук” программасынын 1-фазасын ишке ашырууга бөлүнүүдө. Долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралган: жаныбарлардан адамга жугуучу ооруларды көзөмөлдөө, диагностика жана дарылоону жакшыртуу антибиотиктерге туруктуулуктун алдын алууазык-түлүк коопсуздугун камсыздоо Каражаттын 30 миллион доллары 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен үстөксүз кредит. Калганы грант.
АКШнын Венесуэлага жасаган чабуулунан кеминде 40 адам, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жай тургундар каза тапты. Бул тууралуу New York Times венесуэлалык чиновникке таянуу менен жазды. Кырдаал тууралуу соңку маалымат: Венесуэланын Жогорку соту президенттин милдетин вице-президент Делси Родригес убактылуу аткарат деп чечти Трамп буга чейин Делси Родригес Вашингтондун талаптарына макул болсо, АКШ Венесуэлага аскер күчүн жайгаштырбай турганын билдирген. Ал эми Делси Родригес Венесуэла эч кимдин колониясы болбой турганын, өлкө өзүнүн жаратылыш ресурстарын коргоого даяр экенин айтты Вашингтон, Рим, Нью-Йорк, Берлин жана башка шаарларда АКШнын аракеттерине каршы нааразылык акциялары өттү Нью-Йорк мэри АКШнын чабуулун Венесуэладагы режимди алмаштырууга багытталган аракет жана эл аралык укуктун бузулушу деп атады Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо АКШнын Венесуэладагы операциясы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган дүйнөлүк тартиптин ыдырап жатканын далилдей турганын айтты. Ал Евробиримдик бул окуяга кандай реакция кыларын байкап жатканын белгилеп, же айыптайт, же “адаттагыдай эле эки жүздүү бойдон калат” деди
АКШнын Венесуэлага каршы аракеттери жана Николас Мадурону уурдалышы америкалыктар кесепетин тарта турган башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин АКШнын мурдагы вице-президенти Камала Харрис билдиргенин РИА Новости жазды. "Мындай "кинону" биз мурда көргөнбүз. Режимди алмаштыруу же мунай үчүн деп башталган согуштар башында күч катары көрсөтүлүп, кийин башаламандыкка айланып, анын кесепетин америкалык үй-бүлөлөр тартып келет", — деп жазган ал Х социалдык тармактагы баракчасына. Ошондой эле ал Дональд Трамптын Венесуэлага карата жасаган мамилеси Американы коопсуз же күчтүү кылып жибербейт деген оюн кошумчалаган. "Бул кадам мыйзамсыз жана акылга сыйгыс болду. Америкалыктар муну каалабайт, эл калптан чарчаган... Кеп мунай жана Дональд Трамптын аймактагы диктатордун ролун ойноого болгон каалоосу тууралуу болууда", — деген Харрис. Мурдагы вице-президент Трамп америкалык аскерлерди кооптуулукка кептеп, миллиарддаган долларларды коротуп, Кариб аймагындагы туруктуулукка доо кетирип, бирок эч кандай мыйзамдуу негиздерди, абалдан чыгуу планын же өлкө ичиндеги кайсы бир артыкчылыктарды көрсөтпөй жатканын белгилеген.Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0