https://sputnik.kg/20260104/1099000397.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын 64 пайызынан ашыгы 2025-жылдын жыйынтыгын жакшы деп баалады. Бул тууралуу Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Коомчулукту изилдөө... 04.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-04T13:00+0600
2026-01-04T13:00+0600
2026-01-04T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/04/1099000231_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_942199964f800442671774a2f32cb763.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын 64 пайызынан ашыгы 2025-жылдын жыйынтыгын жакшы деп баалады. Бул тууралуу Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Коомчулукту изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болгон. Социалдык изилдөө 2025-жылдын 25-29-декабрында өткөн. Изилдөөнүн максаты 2025-жылдагы элдин социалдык маанайын жана 2026-жылга үмүтүн аныктоо болгону айтылды. Сурамжылоо онлайн форматта өтүп, ага өлкөнүн 7 облусунда жашаган 1039 респондент катышкан. Катышуучулардын 47,7 пайызы "2025-жыл өткөн жылга салыштырмалуу жалпысынан жакшы болду" деп жооп берген. Ал эми "абдан ийгиликтүү жыл болду" дегендер 17 пайызды түзгөн. Респонденттердин 25 пайызы "жакшы-жаманы аралаш жыл болду" деп билдирсе, болгону 7 пайызы "оор жыл" деп жооп беришкен.Суроолорго жооп бергендердин 84 пайызы 2026-жыл ийгиликтүү жыл болот деп үмүттөнөрүн билдиришкен. "Бул жыл оор болот" дегендер сегиз пайызды түздү.Респонденттер социалдык-экономикалык багыттагы өзгөрүүлөр, эң болу калктын кирешеси өсүп, билим берүүдө реформа болуп, туруктуу жана жакшы каражат төлөнгөн иш орундары түзүлүшүн кааларын айтышкан. Ошондой эле акыйкаттык, мыйзамдуулук болуп, коррупция менен күрөш жүрүшү керек, шаардагы транспорт, экология көйгөйлөрүнүн чечилишин каалагандар көп. Арасында билим берүү жана саламаттык сактоо, калктын аярлуу катмарын коргоо, жарандардын эркиндигин коргоо жеткиликтүү болсун дегендер да бар.
Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январга караган түнү каза болгон. Октябрь райондук милициясы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди."Факты катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет", — дешти РИИБден. Дарыгер Зибирова 29 жашта болгон. Социалдык тармактарга маркумдун эжесинин билдирүүсү деген пост жарыяланды. Эжеси Зибирова расмий бүтүмдө асфикциядан каза болду деп жазылганын белгилеген. Анын айтымында, ошол түнү Айгүлдүн жанында мурда сүйлөшкөн жигити болгон. Ал жигит окуя Айгүл дааратканага кирип, эшигин ичинен бекитип алгандан кийин болгонун айтып берген. Маркумдун жакындары өлүмдүн айрым жагдайлары күмөндүү болуп жатканын айтып, милициядан дыкат иликтөөнү өтүнгөн.
Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Вольфганг Ишингер АКШнын Венесуэладагы аракеттери Россия Украинадагы абалга кийлигише албайт деген аргументтерди жокко чыгарууда деген оюн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Кыргызстандыктардын 64 пайызынан ашыгы 2025-жылдын жыйынтыгын жакшы деп баалады. Бул тууралуу Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Коомчулукту изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болгон. Социалдык изилдөө 2025-жылдын 25-29-декабрында өткөн. Изилдөөнүн максаты 2025-жылдагы элдин социалдык маанайын жана 2026-жылга үмүтүн аныктоо болгону айтылды. Сурамжылоо онлайн форматта өтүп, ага өлкөнүн 7 облусунда жашаган 1039 респондент катышкан. Катышуучулардын 47,7 пайызы "2025-жыл өткөн жылга салыштырмалуу жалпысынан жакшы болду" деп жооп берген. Ал эми "абдан ийгиликтүү жыл болду" дегендер 17 пайызды түзгөн. Респонденттердин 25 пайызы "жакшы-жаманы аралаш жыл болду" деп билдирсе, болгону 7 пайызы "оор жыл" деп жооп беришкен.Суроолорго жооп бергендердин 84 пайызы 2026-жыл ийгиликтүү жыл болот деп үмүттөнөрүн билдиришкен. "Бул жыл оор болот" дегендер сегиз пайызды түздү.Респонденттер социалдык-экономикалык багыттагы өзгөрүүлөр, эң болу калктын кирешеси өсүп, билим берүүдө реформа болуп, туруктуу жана жакшы каражат төлөнгөн иш орундары түзүлүшүн кааларын айтышкан. Ошондой эле акыйкаттык, мыйзамдуулук болуп, коррупция менен күрөш жүрүшү керек, шаардагы транспорт, экология көйгөйлөрүнүн чечилишин каалагандар көп. Арасында билим берүү жана саламаттык сактоо, калктын аярлуу катмарын коргоо, жарандардын эркиндигин коргоо жеткиликтүү болсун дегендер да бар.Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январга караган түнү каза болгон. Октябрь райондук милициясы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди."Факты катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет", — дешти РИИБден. Дарыгер Зибирова 29 жашта болгон. Социалдык тармактарга маркумдун эжесинин билдирүүсү деген пост жарыяланды. Эжеси Зибирова расмий бүтүмдө асфикциядан каза болду деп жазылганын белгилеген. Анын айтымында, ошол түнү Айгүлдүн жанында мурда сүйлөшкөн жигити болгон. Ал жигит окуя Айгүл дааратканага кирип, эшигин ичинен бекитип алгандан кийин болгонун айтып берген. Маркумдун жакындары өлүмдүн айрым жагдайлары күмөндүү болуп жатканын айтып, милициядан дыкат иликтөөнү өтүнгөн.Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Вольфганг Ишингер АКШнын Венесуэладагы аракеттери Россия Украинадагы абалга кийлигише албайт деген аргументтерди жокко чыгарууда деген оюн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/04/1099000231_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_faea24b2f783658291aee9b55620bd0b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио