https://sputnik.kg/20260104/1098997784.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба... 04.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-04T11:00+0600
2026-01-04T11:00+0600
2026-01-04T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/04/1098997618_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_087f978753352cd2675aa0dce225f4c6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94 млрд 230 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млрд 31 млн сомго көп. Ошону менен катар, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 пайызды түзүп, кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу жана ыкчам өнүгүү темпи камсыздалганын көрсөттү. Жалпысынан тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды.
АКШ лидери Дональд Трамп америкалыктар эмне үчүн Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармаганын түшүндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз башка бирөөнүн анын ишин улантуусуна жол бербейбиз. Андыктан чечимди чукул кабыл алып жатабыз", — деген АКШ лидери Fox News телеканалына. Трамп Мадуро буга чейин сүйлөшүүгө даяр болгонун, бирок Вашингтон андан баш тартканын кошумчалаган. Президент Венесуэлага дагы чабуул болушу мүмкүн экенин четке каккан жок. Мадуро менен жубайы өлкөдөн тик учак менен чыгарылганы, азыр кеме менен Нью-Йоркко баратканы айтылды. Трамп, мындан тышкары, Мексиканын президенти жакшы айым экенин белгилеп, бирок ал жакта картелдер башкарып жаткандыктан, өлкөнү "бир нерсе кылуу керектигин" айткан.Эскерте кетсек, АКШ Венесуэлага куралдуу чабуул жасап, өлкө башчысы Николас Мадурону жубайы менен кармап кеткени белгилүү болгон. Ага баңги террорчулугу боюнча айып тагылып, Вашингтондо сот жообуна тартылаты айтылды. Россия баштаган бир катар өлкөлөр АКШнын чабуулун кескин сындап чыгышты.
АКШнын Венесуэлага каршы куралдуу соккусу тынчсызданууну жаратты, бул айыптай турган иш. Мындай билдирүүнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги таратты. Мекеменин айтымында, АКШнын мындай аракеттерге баруу үчүн айткан шылтоолору аны актабайт. "Идеологияга негизделген жактырбастык тынчтык жолу менен ишенимдүү мамиле куруудан үстөмдүк кылып кетти. Эми абалдын курчушуна жол бербей, жагдайдан сүйлөшүү жолу менен чыгууга умтулуу керек. Бири-бирине арыз-дооматы бар өнөктөштөрүбүз маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенди ойлонушу зарыл деп эсептейбиз. Мында биз аларды колдоого даярбыз", — деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле ТИМ Латын Америкасы 2014-жылы өзүн кандай жарыялаган болсо, ошол бойдон тынчтык зонасы болуп калышы керектигин белгилеген. Ал эми Венесуэлага эч бир сырткы күчтөрсүз, аскердик кийлигишүүлөрсүз өзүнүн тагдырын өзү чечкен укугу кепилдениши керек деген пикирин кошумчалаган."Биз венесуэлалыктар менен тилектештигибизди, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана көз карандысыздыгын коргоого багытталган саясатын колдой турганыбызды тастыктайбыз. Венесуэла бийлигинин жана Латын Америка өлкөлөрүнүн жетекчилигинин БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүү боюнча билдирүүсүн да колдойбуз", — деди РФ ТИМи. Учурда Россиянын Каракастагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат.
2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94 млрд 230 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млрд 31 млн сомго көп. Ошону менен катар, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 пайызды түзүп, кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу жана ыкчам өнүгүү темпи камсыздалганын көрсөттү. Жалпысынан тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды.АКШ лидери Дональд Трамп америкалыктар эмне үчүн Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармаганын түшүндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз башка бирөөнүн анын ишин улантуусуна жол бербейбиз. Андыктан чечимди чукул кабыл алып жатабыз", — деген АКШ лидери Fox News телеканалына. Трамп Мадуро буга чейин сүйлөшүүгө даяр болгонун, бирок Вашингтон андан баш тартканын кошумчалаган. Президент Венесуэлага дагы чабуул болушу мүмкүн экенин четке каккан жок. Мадуро менен жубайы өлкөдөн тик учак менен чыгарылганы, азыр кеме менен Нью-Йоркко баратканы айтылды. Трамп, мындан тышкары, Мексиканын президенти жакшы айым экенин белгилеп, бирок ал жакта картелдер башкарып жаткандыктан, өлкөнү "бир нерсе кылуу керектигин" айткан.Эскерте кетсек, АКШ Венесуэлага куралдуу чабуул жасап, өлкө башчысы Николас Мадурону жубайы менен кармап кеткени белгилүү болгон. Ага баңги террорчулугу боюнча айып тагылып, Вашингтондо сот жообуна тартылаты айтылды. Россия баштаган бир катар өлкөлөр АКШнын чабуулун кескин сындап чыгышты.АКШнын Венесуэлага каршы куралдуу соккусу тынчсызданууну жаратты, бул айыптай турган иш. Мындай билдирүүнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги таратты. Мекеменин айтымында, АКШнын мындай аракеттерге баруу үчүн айткан шылтоолору аны актабайт. "Идеологияга негизделген жактырбастык тынчтык жолу менен ишенимдүү мамиле куруудан үстөмдүк кылып кетти. Эми абалдын курчушуна жол бербей, жагдайдан сүйлөшүү жолу менен чыгууга умтулуу керек. Бири-бирине арыз-дооматы бар өнөктөштөрүбүз маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенди ойлонушу зарыл деп эсептейбиз. Мында биз аларды колдоого даярбыз", — деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле ТИМ Латын Америкасы 2014-жылы өзүн кандай жарыялаган болсо, ошол бойдон тынчтык зонасы болуп калышы керектигин белгилеген. Ал эми Венесуэлага эч бир сырткы күчтөрсүз, аскердик кийлигишүүлөрсүз өзүнүн тагдырын өзү чечкен укугу кепилдениши керек деген пикирин кошумчалаган."Биз венесуэлалыктар менен тилектештигибизди, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана көз карандысыздыгын коргоого багытталган саясатын колдой турганыбызды тастыктайбыз. Венесуэла бийлигинин жана Латын Америка өлкөлөрүнүн жетекчилигинин БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүү боюнча билдирүүсүн да колдойбуз", — деди РФ ТИМи. Учурда Россиянын Каракастагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/04/1098997618_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_21d5e7aeb37fe7526fa560cf4d8c53dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио