https://sputnik.kg/20251215/aksh-ukrain-suyloshuulorunun-zhagdaylary-belgiluu-boldu-1098575145.html
АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жагдайлары белгилүү болду
АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жагдайлары белгилүү болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. НАТОнун Европадагы Бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Алексус Гринкевич жекшемби күнү Берлиндеги АКШ менен... 15.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-15T09:50+0600
2025-12-15T09:50+0600
2025-12-15T10:19+0600
дүйнөдө
акш
россия
украина
берлин
сүйлөшүү
дипломатия
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0e/1061239991_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_1feb0d475695e72166262fb530351c48.jpg
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. НАТОнун Европадагы Бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Алексус Гринкевич жекшемби күнү Берлиндеги АКШ менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнө катышып, америкалык тарапта отурган. Бул тууралуу РИА Новости иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып билдирди. АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун социалдык тармакка жарыялаган сүрөттөрүнөн көрүнгөндөй, Гринкевич Уиткоффтун сол тарабында отурган. Ал эми атайын өкүлдүн оң тарабында АКШ президентинин күйөө баласы, ишкер Жаред Кушнер жайгашкан. Америкалык генерал Гринкевичтин сүйлөшүүлөргө катышканы буга чейин расмий түрдө айтылган эмес. Ошондой эле жолугушуунун алкагында НАТОнун күн тартибиндеги кайсы маселелер көтөрүлгөнү да ачыкка чыгарылган жок. Буга чейин Уиткофф билдиргендей, Берлиндеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнүн жыйынтыгында олуттуу жылыштар болду. 20 пунктудан турган план, экономикалык маселелер жана башка темалар талкууланган. Ал ошондой эле кийинки сүйлөшүү айлампасы бүгүн эртең менен өтөрүн кошумчалаган. Ал арада Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн Россиянын пикирин эске албай өткөрүү дипломатиялык жактан жаңылыш кадам экени айтылды. Бул тууралуу британдык аскердик аналитик Александр Меркурис билдирип, муну саясий цирк деп атаган. Анын айтымында, европалыктардын Россия менен болгон бардык байланыш каналдарын толугу менен жабуусу олуттуу стратегиялык ката болуп, Европаны четке сүрүп салды. Жекшемби күнү Владимир Зеленский айрым мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан коопсуздук кепилдиктери берилсе НАТОго мүчө болуудан баш тартууга даяр экенин билдирген. АКШ администрациясы буга чейин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча план иштелип жатканын маалымдаган. 2-декабрда президент Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффту жана америкалык лидердин күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. АКШ өкүлдөрүнүн Россияга болгон сапары Украина боюнча АКШнын тынчтык планын талкуулоо процесси менен байланыштуу болгон. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Кремлдеги сүйлөшүүлөрдү өтө мазмундуу деп атап, РФ менен АКШнын ортосундагы байланыштар улантыларын белгилеген. Ошондой эле ал Россия армиясынын согуш талаасындагы ийгиликтери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө жана мүнөзүнө оң таасир тийгизгенин айткан.
https://sputnik.kg/20251210/yevropa-zelenskiydi-sogushtu-ulantuuga-shykaktap-zhatat-1098476461.html
акш
украина
берлин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0e/1061239991_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_1f972d29c638eaf5565149c67e878f98.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, берлин, сүйлөшүү, дипломатия
дүйнөдө, акш, россия, украина, берлин, сүйлөшүү, дипломатия
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. НАТОнун Европадагы Бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Алексус Гринкевич жекшемби күнү Берлиндеги АКШ менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнө катышып, америкалык тарапта отурган. Бул тууралуу
РИА Новости иш-чарадан тартылган сүрөттөрдү изилдеп чыгып билдирди.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун социалдык тармакка жарыялаган сүрөттөрүнөн көрүнгөндөй, Гринкевич Уиткоффтун сол тарабында отурган. Ал эми атайын өкүлдүн оң тарабында АКШ президентинин күйөө баласы, ишкер Жаред Кушнер жайгашкан.
Америкалык генерал Гринкевичтин сүйлөшүүлөргө катышканы буга чейин расмий түрдө айтылган эмес. Ошондой эле жолугушуунун алкагында НАТОнун күн тартибиндеги кайсы маселелер көтөрүлгөнү да ачыкка чыгарылган жок.
Буга чейин Уиткофф билдиргендей, Берлиндеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнүн жыйынтыгында олуттуу жылыштар болду. 20 пунктудан турган план, экономикалык маселелер жана башка темалар талкууланган. Ал ошондой эле кийинки сүйлөшүү айлампасы бүгүн эртең менен өтөрүн кошумчалаган.
Ал арада Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн Россиянын пикирин эске албай өткөрүү дипломатиялык жактан жаңылыш кадам экени айтылды. Бул тууралуу британдык аскердик аналитик Александр Меркурис билдирип, муну саясий цирк деп атаган.
Анын айтымында, европалыктардын Россия менен болгон бардык байланыш каналдарын толугу менен жабуусу олуттуу стратегиялык ката болуп, Европаны четке сүрүп салды.
"Европалык лидерлердин эч кимиси Москвага барып Путин, Лавров жана Ушаков менен жолугууга, орустар эмне деп ойлоп жатканын түшүнүүгө жана компромисске жакындашууга аракет кылган жок. Анын ордуна бизде көчмө цирк бар. Европа менен украиналык өкүлдөр улам айланып жүрүп, кайра-кайра жолугуп, идеялар менен сунуштарды талкуулап, анан бири-бирине ыраазы болуп тарашат. Өздөрүн жылышка жетиштик деп ойлошот", — деген эксперт.
Жекшемби күнү Владимир Зеленский айрым мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан коопсуздук кепилдиктери берилсе НАТОго мүчө болуудан баш тартууга даяр экенин билдирген.
АКШ администрациясы буга чейин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча план иштелип жатканын маалымдаган. 2-декабрда президент Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффту жана америкалык лидердин күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. АКШ өкүлдөрүнүн Россияга болгон сапары Украина боюнча АКШнын тынчтык планын талкуулоо процесси менен байланыштуу болгон.
Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Кремлдеги сүйлөшүүлөрдү өтө мазмундуу деп атап, РФ менен АКШнын ортосундагы байланыштар улантыларын белгилеген. Ошондой эле ал Россия армиясынын согуш талаасындагы ийгиликтери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө жана мүнөзүнө оң таасир тийгизгенин айткан.