00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Минкаб түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин тизмесин бекитти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан жаранынын эл аралык паспорту. Архив
Кыргызстан жаранынын эл аралык паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети түп нускада сакталууга тийиш болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга илди.
Документтин негиздемесинде Кыргызстан толугу менен бүткүл дүйнө сыяктуу эле санарип доорунда жашап жатканы, ошону менен бирге эл арасында кагаз документтердин түп нускалары мындан ары кереги жок жана жок кылынышы мүмкүн деген жаңылыш пикир бар экени белгиленген.
"Мындай позиция олуттуу тобокелдиктерди шарттайт, азыркы учурда документтерди санариптик форматта гана өз ара таануунун интеграциялык системасы жок. Мамлекеттик чек арадан өтүүдө жана чет өлкөлүк мекемелер менен иштешүүдө документтин түп нускасын көрсөтүү талап кылынат. Бир катар документтер жарандын укуктарын, улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн архивдик мурасын коргоо үчүн өзгөчө юридикалык күчкө жана мааниге ээ. Түп нусканын жоготулушу же жок кылынышы өздөрүнүн мыйзамдуу укугун ишке ашыра албай калышына, эл аралык мамилелерди татаалдашуусуна, архивдик фонддун аныктыгына жана бүтүндүгүнө коркунуч келтириши мүмкүн", — деп айтылат долбоордо.
Документтердин тизмеси:
КР жаранынын, анын ичинде аскер кызматчыларынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтер, ошондой эле чет өлкөлүк жарандын, жарандыгы жок адамдын инсандыгын ырастоочу документтер, анын ичинде жашап турууга уруксат жана качкындын күбөлүгү;
аскердик каттоо документтери;
чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөр жана алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн расмий тилине котормосу;
жарандык, баш паанек, жашоого уруксат берген документтер, ошондой эле "Мекен-карта";
эмгек китепчеси, өндүрүштөгү бөөдө кырсыкты же кесиптик ооруну териштирүүнүн натыйжасы боюнча таризделген документтер;
чет мамлекеттин аймагында берилген билими жана (же) квалификациясы, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтер, окуудан өтүүгө байланыштуу документтер жана алардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн расмий тилине котормосу;
аскердик кесиптик билим берүү уюмдары жана жогорку билим берүүнүн аскердик билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү билими, квалификациясы, окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы жөнүндө документтер;
мамлекеттик архивдерге жана туруктуу сактоо укугуна ээ ведомстволук архивдерге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген же өткөрүлүүгө тийиш болгон Улуттук архив фондунун документтери;
тергөө, алгачкы тергөө органдары же сот тарабынан берилген (таризделген) документтер, анын ичинде Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун чечимдери, өкүмдөрү, аныктама, токтомдору;
коммерциялык эмес юридикалык жактын уюштуруу документтери;
нотариалдык актылар — керээздер, келишимдердин бардык түрлөрү, мурастоо иштери;
мамлекеттин же ири субъектилердин финансылык жана мүлктүк милдеттенмелерин жаратуучу келишимдер;
мамлекеттик сатып алуулар, контракттар жана ревизиялар боюнча документтер;
кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтер, кадастрдык пландар, геодезиялык жана картографиялык материалдар, жаратылышты пайдаланууга лицензиялар;
жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китептери;
интеллектуалдык менчик жөнүндө документтер (патент, товардык белги, чет өлкөлүк органдар тарабынан берилген лицензиялык келишим);
өзгөчө кырдаалдар жана техногендик кырсыктар боюнча комиссиялардын актылары;
эл аралык келишимдер, ноталар, мамлекеттер аралык комиссиялардын протоколдору;
коргоо элементтери (штамптар, голограммалар, нымдуу мөөрлөр) жана өзгөчө физикалык белгилери бар башка түп нускалары бар так отчеттуулук бланктарындагы документтер;
милдеттүү каттоо журналдары (нотариалдык, соттук, медициналык ж. б.), эгерде аларды жүргүзүү мыйзамдарда каралган болсо;
жарандын социалдык колдоо алууга укугун ырастаган күбөлүктөр жана документтер, пенсия менен камсыз кылууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтер;
мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, мамлекеттик сыйлыктар жана артыкчылык белгилери жөнүндө документтер;
амбулатордук медициналык карта;
стационардык кызмат көрсөтүүнү алган бейтаптын медициналык картасы.
Сом купюралары жана кишендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2025
Кыргызстанда мындан ары каржылык кылмыш үчүн соттолгондор ишкана ача албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0