https://sputnik.kg/20251121/1098003783.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы... 21.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-21T08:59+0600
2025-11-21T08:59+0600
2025-11-21T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/15/1098003617_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5b8d2d44700c26cdd97c8d5f8724b46f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кбаарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселесин, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, акыркы бир нече жылда Кыргызстандын экономикасы негизги секторлорго комплекстүү иштердин жүргүзүлүшү менен тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле аталган тармактарда эки тараптуу кызматташуу сүйлөшүлдү. Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда, бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.
Мамлекеттик салык кызматындагы реформалардын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин дароо башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, экинчи этаптын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. “Салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZET`тин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз", - деди ал. Шыкмаматов KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөнүн белгиледи.
Жыл башынан бери Бишкекте жол кире төлөбөй койгон 281 жүргүнчүгө айып салынды. Бул тууралуу мэриянын өкүлү Азамат Джетыбаев билдирди.Анын айтымында Бишкекте коомдук транспорттордо жол кире төлөбөй койгон жүргүнчүлөр көп кездешет. "Автобустарда жол кире төлөбөгөндөр абдан көп. Коомдук транспортто ар кандай адамдар кезигет экен. Мастар жүрөт. Биздин кызматкерлер үчүн кооптуу кырдаалдар көп болду. Жол кире төлөбөгөндөр контролерго кол салып, сабап кеткен учурлар да бар. Жалпы ушундай 5-6 учур катталды", — деди Джетыбаев. Ошондой эле ал мыйзам боюнча муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынарын кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кбаарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселесин, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, акыркы бир нече жылда Кыргызстандын экономикасы негизги секторлорго комплекстүү иштердин жүргүзүлүшү менен тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле аталган тармактарда эки тараптуу кызматташуу сүйлөшүлдү. Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда, бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.Мамлекеттик салык кызматындагы реформалардын экинчи этабы жаңы жылдык майрамдардан кийин дароо башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, экинчи этаптын негизги элементи катары KEZET жаңы электрондук эсепке алуу модулун киргизүү болмокчу. “Салык инспекторун жасалма интеллект модулу алмаштырат. Адам фактору толугу менен жокко чыгарылат. KEZET`тин жардамы менен биз ар бир товардын жүгүртүлүшүн – өндүрүштөн же импорттон тартып кассадан чек чыкканга чейин байкай алабыз", - деди ал. Шыкмаматов KEZET мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатында мыктылардын бири катары таанылган эстониялык чечимдердин негизинде түзүлгөнүн белгиледи. Жыл башынан бери Бишкекте жол кире төлөбөй койгон 281 жүргүнчүгө айып салынды. Бул тууралуу мэриянын өкүлү Азамат Джетыбаев билдирди.Анын айтымында Бишкекте коомдук транспорттордо жол кире төлөбөй койгон жүргүнчүлөр көп кездешет. "Автобустарда жол кире төлөбөгөндөр абдан көп. Коомдук транспортто ар кандай адамдар кезигет экен. Мастар жүрөт. Биздин кызматкерлер үчүн кооптуу кырдаалдар көп болду. Жол кире төлөбөгөндөр контролерго кол салып, сабап кеткен учурлар да бар. Жалпы ушундай 5-6 учур катталды", — деди Джетыбаев. Ошондой эле ал мыйзам боюнча муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөндөргө 1000 сом айып салынарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/15/1098003617_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_af27e65cc41d15650af594e91f2177b6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
08:59 21.11.2025 (Жаңыртылды: 09:16 21.11.2025) Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кбаарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселесин, ошондой эле өлкөнүн азыркы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы, климат, энергетика сыяктуу багыттар боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалына токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, акыркы бир нече жылда Кыргызстандын экономикасы негизги секторлорго комплекстүү иштердин жүргүзүлүшү менен тездетилген өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле аталган тармактарда эки тараптуу кызматташуу сүйлөшүлдү. Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда, бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.