https://sputnik.kg/20251026/teyloo-akysyn-zhok-kyluu-komusko-ekonomikany-azaytat-1097372272.html
Кафе-ресторанда тейлөө акысын жоюу көмүскө экономиканы азайтат. Адистин маеги
Кафе-ресторанда тейлөө акысын жоюу көмүскө экономиканы азайтат. Адистин маеги
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кафе-ресторандарда тейлөө үчүн акы алууга тыюу салды. Кийинки жылдын 1-январынан тартып ишке кире турган жаңы эреженин максаты коомдук тамактануу... 26.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-26T18:12+0600
2025-10-26T18:12+0600
2025-10-27T11:47+0600
кыргызстан
кафе
ресторан
тейлөө акы
көмүскө
экономика
адилет жумабеков
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/18/1097373018_946:954:2891:2048_1920x0_80_0_0_3f5aebb84a554a85d502bcc3a3c42b9a.jpg
Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курган Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков демилгенин маңызын чечмелеп берди. — Кафе-ресторандарда тейлөө акысын жокко чыгарууга эмне себеп болду? — Бул нерсеге байланыштуу көптөгөн адамдардан билдирүүлөр, кайрылуулар түшкөн. Тейлөө акысынан улам кардар менен коомдук тамактануучу жайлардын ээлеринин ортосунда чыр чыккан учурлар өтө көп. Кардарлар "15 пайызды төлөгүдөй мен жумуш берүүчү белем" деп жаңжалдашып милиция чакырылган окуялар катталат. Азыр кафе-ресторандар тамактанган адамдан "тейлөө акысы" деп 5 пайыздан 20 пайызга чейин кошумча акча алышат. Көпчүлүк учурда бул көрсөткүч 15 пайызды түзөт. Тамактын баасы 300 сом болсо, тейлөөгө делген 15 пайыз менен жалпы 345 сом болот. Тейлөө акысы алынышы керек деген норма, же тескерисинче, тыюу жок болчу. Ошондуктан ушундай тартип киргизүүгө муктаж болдук. Бул токтомдун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагында баанын ачыктыгын камсыздап, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Эми бардык кызмат көрсөтүүлөргө тийиштүү чыгымдар менюда көрсөтүлгөн тамактын баасына киргизилет. — Ишкердик чөйрө буга кандай реакция кылды? Коомдук тамактануучу жайлардын сунуш, пикирлери эске алындыбы? — Токтом коомдук талкуулардын порталына жайгаштырылганда сунуш, пикир түшкөн жок. Бирок кийин ишкерлер, коомдук тамактануучу жайлардын ээлери кайрыла баштады. Кеңешме өткөрдүк. Алар демилгени ишке ашырууга убакыт керектигин айтышты. Буга байланыштуу меню, баа тизмелерин, кассалык программаларын талапка ылайыктоого 1-январга чейин мөөнөт берилди. Негизи ишкерлердин басымдуу бөлүгү колдоп жатат. Ал эми элден ыраазычылык билдирген кайрылуулар көп. — Тейлөө акысынан эч кандай салык төлөнбөгөндүктөн бул көмүскө экономикага кирет деген дооматтар бар. Бул нерсе канчалык орундуу? — Ооба, бул чын. Тейлөө акысы эсепке алынбай келген. Балам же иним маянасын ала албай жатат деген кайрылуулар болгон. Териштире келгенде эмгек келишимдери жок болуп чыккан. Анализ жүргүзгөнүбүздө тамактануучу жайлар ашпозчу сыяктуу негизги эки-үч кызматкер менен эле келишим түзөрү белгилүү болду. Кафе-ресторандардагы тейлөө кызматында иштегендерде эмгек келишими дээрлик жокко эсе. Тейлөө кызматы көмүскө экономикадан чыгышы керек. Маяна төлөп жаткандан кийин салыкты да төлөш керек. Ишкерликти ачык жүргүзсө өздөрүнө эле жакшы. — Тейлөө акысынын жоюлушу тамак-аштын баасына кандай таасир этет? — Баа көтөрүлбөшү керек. Тейлөө акысын эле негизги баага кошуп коюш керек. Кардарлар үчүн сумма өзгөрбөйт, айырмасы жок деген пикирлер айтылууда. Бирок жаңы өзгөрүү киргенде күмөндүү болбой, баары ачык-айкын жүрөт. Таза иштешет, салыгы көрсөтүлөт, кызматкерлер менен эмгек келишимдери түзүлөт. — Ошондо азыр 300 сом турган тамак, жаңы жылдан кийин 345 сом болобу же 300 сом боюнча калабы? — 300 сом болушу да ыктымал, анткени атаандаштык деген нерсе бар. Мисалы, сиз деле бааны көтөрбөй, жакшы тейлегенин тандайсыз. Тааныш-билишти ошол жакка чакырасыз. Баанын өсүшүн атаандаштык ооздуктайт. Андан сырткары, чай пулду эч ким жокко чыгарган жок. — Тейлөөгө же баага нааразычылык болсо кайда кайрылуу керек? — "Түндүк" тиркемеси аркылуу эле арыз калтырса болот. "Менин укугум бузулду" деп далил болгон сүрөт же видеону тиркеп кайрылса, ал тармакты көзөмөлдөгөн кызмат карап, тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт. Наркын негизсиз көтөрсө алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Аша чаап кетсе мыйзам чегинде чара көрүлөт.
https://sputnik.kg/20251015/2026-zhyldan-tarta-restoran-kafelerde-teyloo-uchun-akcha-alynbayt-1097169937.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Кенжебай Сатканалиев
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1b/1097426669_368:345:1639:1616_100x100_80_0_0_917eaf2f92733771a93e7639635457bf.jpg
Кенжебай Сатканалиев
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1b/1097426669_368:345:1639:1616_100x100_80_0_0_917eaf2f92733771a93e7639635457bf.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/18/1097373018_1007:856:2597:2048_1920x0_80_0_0_f1f8017e78b2c9f530ae7f2f0290a74c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Кенжебай Сатканалиев
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1b/1097426669_368:345:1639:1616_100x100_80_0_0_917eaf2f92733771a93e7639635457bf.jpg
кыргызстан, кафе, ресторан, тейлөө акы, көмүскө, экономика, адилет жумабеков, видео
кыргызстан, кафе, ресторан, тейлөө акы, көмүскө, экономика, адилет жумабеков, видео
Кафе-ресторанда тейлөө акысын жоюу көмүскө экономиканы азайтат. Адистин маеги
18:12 26.10.2025 (Жаңыртылды: 11:47 27.10.2025) Өкмөт кафе-ресторандарда тейлөө үчүн акы алууга тыюу салды. Кийинки жылдын 1-январынан тартып ишке кире турган жаңы эреженин максаты коомдук тамактануу тармагында баанын ачыктыгын жогорулатып, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо экени айтылды.
Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курган Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков демилгенин маңызын чечмелеп берди.
— Кафе-ресторандарда тейлөө акысын жокко чыгарууга эмне себеп болду?
— Бул нерсеге байланыштуу көптөгөн адамдардан билдирүүлөр, кайрылуулар түшкөн. Тейлөө акысынан улам кардар менен коомдук тамактануучу жайлардын ээлеринин ортосунда чыр чыккан учурлар өтө көп. Кардарлар "15 пайызды төлөгүдөй мен жумуш берүүчү белем" деп жаңжалдашып милиция чакырылган окуялар катталат. Азыр кафе-ресторандар тамактанган адамдан "тейлөө акысы" деп 5 пайыздан 20 пайызга чейин кошумча акча алышат. Көпчүлүк учурда бул көрсөткүч 15 пайызды түзөт. Тамактын баасы 300 сом болсо, тейлөөгө делген 15 пайыз менен жалпы 345 сом болот. Тейлөө акысы алынышы керек деген норма, же тескерисинче, тыюу жок болчу. Ошондуктан ушундай тартип киргизүүгө муктаж болдук. Бул токтомдун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагында баанын ачыктыгын камсыздап, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Эми бардык кызмат көрсөтүүлөргө тийиштүү чыгымдар менюда көрсөтүлгөн тамактын баасына киргизилет.
— Ишкердик чөйрө буга кандай реакция кылды? Коомдук тамактануучу жайлардын сунуш, пикирлери эске алындыбы?
— Токтом коомдук талкуулардын порталына жайгаштырылганда сунуш, пикир түшкөн жок. Бирок кийин ишкерлер, коомдук тамактануучу жайлардын ээлери кайрыла баштады. Кеңешме өткөрдүк. Алар демилгени ишке ашырууга убакыт керектигин айтышты. Буга байланыштуу меню, баа тизмелерин, кассалык программаларын талапка ылайыктоого 1-январга чейин мөөнөт берилди. Негизи ишкерлердин басымдуу бөлүгү колдоп жатат. Ал эми элден ыраазычылык билдирген кайрылуулар көп.
— Тейлөө акысынан эч кандай салык төлөнбөгөндүктөн бул көмүскө экономикага кирет деген дооматтар бар. Бул нерсе канчалык орундуу?
— Ооба, бул чын. Тейлөө акысы эсепке алынбай келген. Балам же иним маянасын ала албай жатат деген кайрылуулар болгон. Териштире келгенде эмгек келишимдери жок болуп чыккан. Анализ жүргүзгөнүбүздө тамактануучу жайлар ашпозчу сыяктуу негизги эки-үч кызматкер менен эле келишим түзөрү белгилүү болду. Кафе-ресторандардагы тейлөө кызматында иштегендерде эмгек келишими дээрлик жокко эсе. Тейлөө кызматы көмүскө экономикадан чыгышы керек. Маяна төлөп жаткандан кийин салыкты да төлөш керек. Ишкерликти ачык жүргүзсө өздөрүнө эле жакшы.
— Тейлөө акысынын жоюлушу тамак-аштын баасына кандай таасир этет?
— Баа көтөрүлбөшү керек. Тейлөө акысын эле негизги баага кошуп коюш керек. Кардарлар үчүн сумма өзгөрбөйт, айырмасы жок деген пикирлер айтылууда. Бирок жаңы өзгөрүү киргенде күмөндүү болбой, баары ачык-айкын жүрөт. Таза иштешет, салыгы көрсөтүлөт, кызматкерлер менен эмгек келишимдери түзүлөт.
— Ошондо азыр 300 сом турган тамак, жаңы жылдан кийин 345 сом болобу же 300 сом боюнча калабы?
— 300 сом болушу да ыктымал, анткени атаандаштык деген нерсе бар. Мисалы, сиз деле бааны көтөрбөй, жакшы тейлегенин тандайсыз. Тааныш-билишти ошол жакка чакырасыз. Баанын өсүшүн атаандаштык ооздуктайт. Андан сырткары, чай пулду эч ким жокко чыгарган жок.
— Тейлөөгө же баага нааразычылык болсо кайда кайрылуу керек?
— "Түндүк" тиркемеси аркылуу эле арыз калтырса болот. "Менин укугум бузулду" деп далил болгон сүрөт же видеону тиркеп кайрылса, ал тармакты көзөмөлдөгөн кызмат карап, тиешелүү иш-чараларды жүргүзөт. Наркын негизсиз көтөрсө алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Аша чаап кетсе мыйзам чегинде чара көрүлөт.