https://sputnik.kg/20251021/iim-korrupcziya-dary-1097311730.html
Миллиондор. Маммекеменин мурдагы башчысы дары коррупциясы боюнча шектелип кармалды
Миллиондор. Маммекеменин мурдагы башчысы дары коррупциясы боюнча шектелип кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мекеменин мурдагы А.С. аттуу директору өлкөгө 26 848 000 сом зыян келтирди делип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер... 21.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-21T20:50+0600
2025-10-21T20:50+0600
2025-10-22T09:46+0600
кыргызстан
кылмыш
коррупция
дары
иим
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/15/1097311987_1:0:1080:607_1920x0_80_0_0_cab1979d855dd2bb895ffd85e9f61a3a.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мекеменин мурдагы А.С. аттуу директору өлкөгө 26 848 000 сом зыян келтирди делип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Ведомствонун айтымында, А.С. 2024-жылдын 11-майында, кызматта турган маалда, чет элдик фармацевтикалык компания менен 1 349 470 долларга дары жана медициналык жабдууларды сатып алууга келишим түзгөн.Мындан тышкары, муктаждык болбосо да онкологиялык кымбат препараттар сатып алынганы айтылды. Андан улам дарылар сапат боюнча сертификаттан өтпөй, жарактан чыккан.Министрлик мурдагы директор ошондой эле кампадан кымбат дарыларды уруксат кагазы жок эле алып чыгып кеткенин да кошумчалады.Аталган фактылар боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, А.С. камакка алынды. Тергөө уланууда.
https://sputnik.kg/20251021/ukmk-bazhychylardy-korruptsiyaga-ayyptap-karmady-1097303738.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/15/1097311987_136:0:945:607_1920x0_80_0_0_cc675482c892b1852ff9ff10df14764c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кылмыш, коррупция, дары, иим
кыргызстан, кылмыш, коррупция, дары, иим
Миллиондор. Маммекеменин мурдагы башчысы дары коррупциясы боюнча шектелип кармалды
20:50 21.10.2025 (Жаңыртылды: 09:46 22.10.2025) БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мамлекеттик мекеменин мурдагы А.С. аттуу директору өлкөгө 26 848 000 сом зыян келтирди делип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ведомствонун айтымында, А.С. 2024-жылдын 11-майында, кызматта турган маалда, чет элдик фармацевтикалык компания менен 1 349 470 долларга дары жана медициналык жабдууларды сатып алууга келишим түзгөн.
"Бирок дарылар Кыргызстанга бажы көзөмөлүсүз кирип, кийин кымбаттатылган баада саламаттык сактоо мекемелерине сатылган. Республикалык бюджетке алымдар түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, муктаждык болбосо да онкологиялык кымбат препараттар сатып алынганы айтылды. Андан улам дарылар сапат боюнча сертификаттан өтпөй, жарактан чыккан.
Министрлик мурдагы директор ошондой эле кампадан кымбат дарыларды уруксат кагазы жок эле алып чыгып кеткенин да кошумчалады.
Аталган фактылар боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, А.С. камакка алынды. Тергөө уланууда.