00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Лето, ночь и бег. О самом необычном забеге в Бишкеке
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көйгөй көп. Кыргызстандын агрардык тармагында кандай реформа күтүлүп жатат?
09:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Сели, паводки и таяние ледников - в КР меняют систему мониторинга климатических рисков
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ысык-Көлдөгү Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүү 11 жыл мурун Камила Дүйшөбаеваны да өлтүргөнүн моюндады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди. 41 жаштагы Кумарбек Абдыров тергөө учурунда 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген. Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда да Чикатило сыяктуу маньяктар бар экенин айтты. Ал ошондой эле Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрдү деген шектүүнүн буга чейинки үрөй учурган кылмыштарын тизмектеген.Орунбеков бул кылмыштар боюнча ИИМдин тергөөсүнүн негизинде ЭлТР телеканалы атайын материал жасаганын кошумчалаган. Эске салсак, 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева 2014-жылы "Достук" кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бир жумадан кийин сөөгү Бишкектин четинен табылган. Кылмыш ишинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасовдун (Салянов) аты аталган болчу, бирок кылмыштын бети ачылган эмес. Ал эми 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 2025-жылдын 27-сентябрында түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Шектүү Бишкектен кармалган.
Ушул жылдын 14-19 октябрь күндөрү Тажикстанда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскер күчтөрүнүн "Бузулгус боордоштук" жана "Барьер" аталышындагы машыгуулары өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын маалымат борбору билдирди. Маалыматка караганда аскердик түзүмдөрдүн өздүк курамы жана жүгү авиация, автомобиль транспорту менен иш-чара өтө турган аймакка жеткирилүүдө. Тажикстандын "Фахрабад" полигонундагы машыгууларда ЖККУнун аскер күчтөрү менен тынчтык орнотуу операциясын даярдоо жана өткөрүү маселелери иштелип чыгат. Белгилей кетсек, аталган машыгуулар КМШга кирген өлкөлөрдүн атайын кызматтары өткөрүп жаткан "Содружество Антитеррор" аталышындагы террорчулукка каршы окууларынын акыркы этабы менен бир убакта өткөрүлүп жатат.
Кыргызстанда бүгүндөн тарта кесек көмүрдү автомобиль транспорту аркылуу экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ААК кабарлады. Мындай чара ички рынокто көмүр тартыштыгына жол бербөө жана баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында кабыл алынган. "Чектөө көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоого гана тиешелүү экенин белгилейбиз. Ал эми темир жол аркылуу ташып чыгууга, ошондой эле майда көмүрдү сатууга эч кандай чектөө жок", — дешти ишканадан. Кесек көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоо иши ички суроо-талап турукташканда кайрадан жанданат.
АКШда иммиграциялык көзөмөл күчөгөндүктөн Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.Мекеме билдирүүсүндө жарандарды массалык иш-чараларга, каршылык акцияларына катышпоого чакырган. "Ким экениңерди тастыктаган документтер дайыма жаныңарда болсун. Миграциялык макамдын жарактуулугун жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн көзөмөлдөп тургула. Миграциялык органдар менен байланышканда сабырдуулукту сактап, документтерге котормосуз жана мазмунун түшүнбөй туруп кол койбогула. Зарыл болгон учурда жактоочуга кайрылгыла", — деп эскерткен дипломаттар.
Жаңылыктар түрмөгү
0