https://sputnik.kg/20251001/1096868176.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
"Добуш сатып алам" деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Мындай чакырыкты президент Садыр Жапаров ноябрь айында өтө турган... 01.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-01T11:00+0600
2025-10-01T11:00+0600
2025-10-01T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/01/1096868010_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f5450232167fc46d5c43565c341593e7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
"Добуш сатып алам" деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Мындай чакырыкты президент Садыр Жапаров ноябрь айында өтө турган парламенттик шайлоо боюнча элге кайрылуусунда салды. Өлкө башчы бийлик таза шайлоо үчүн бардык шарттарды түзүп бергенин, эми шайлоочулар добушун сатпай, татыктууларды тандашы керектигин белгилеген. Садыр Жапаровдун сөзүнүн урунттуу учурлары: өлкө башчы парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркашын колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди; ал эки шайлоо беш жыл сайын биринин артынан бири өтсө БШК үчүн кыйынчылык жаратарын, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн экенин айтты; "бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат" деген сөздү четке какты. Президент эч бир депутаттан тарагыла деп суранбаганын, 5 жыл мурун элдин 80 пайызынын колдоосу менен өткөнүн, кийинки шайлоого талапкерлигин койсо 90 пайыз менен өтөрүнө ишенерин белгиледи; Кыргызстандагы үч төңкөрүш тең шайлоонун айынан болгонун эске салды. Эми шайлоого адам факторлору аралаша албайт. Эски шайлоо системасы жок болуп, баары санариптешип, автоматташтырылды; "өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн да алыс болууга чакырды. "Таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар" деди президент: “жол, мектеп, бала бакча салып берем” же “асмандагы Айды алып берем” дегендерге ишенбөө керектигин айтты. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, ал мыйзам жазат; айыл өкмөттөн баштап президенттикке чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерди шайлоонун жүрүшүнө аралашпоого чакырды. Аралашкандар жазаланат; талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салынбайт; шайлоону калыс катары баштан-аяк өзү көзөмөлдөйт.
Транспорт жана коммуникация министрлиги күндүн сууктаганына байланыштуу айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууну эскертти. Ведомство тоо этектерине кар жаай турганын, жолдор тайгак болорун белгилеп, ашуулар аркылуу өтө турган айдоочулардан машинасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды. Ошондой эле жолдун каршы тилкесине чыкпай, автоунааны акырыныраак айдоону өтүндү.
Ош шаарынын мэриясы шаардыктарды 5-октябрь күнү саат 18:00дө борбордук стадиондо өтө турган Ош шаарынын күнүнө арналган чоң салтанатка чакырат. Маалымдалгандай, гала-концертке Керим Турапов, Ибрагим Жунусов, Майрамбек Осмонов, Элера Кабылжан кызы, Курал Чокоев, Данияр Жанибек уулу, Арууке Кубатбекова, Шухрат Якубов, Азамат Токтокадыров, Темир Назаров, Фриман, Согдиана, Шахрух Хан, Мирбек Атабековдор катышат. Иш-чара Ош шаардык эл аспаптар оркестринин коштоосунда өтөт.
АКШда өкмөттүн иши токтоп калышы айкын болуп турат. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы билдирди. " Сенаттагы көпчүлүктүн лидери, Жон мырзанын өтүнүчү боюнча Сенат бир добуштан токтом менен эртеңки саат 10:00гө чейин отурумдун тыныгуусун жарыялады", — деп айтылган кечээки маалыматта. Демек, өкмөттүн иши токтоп калышы мүмкүн. АКШ Сенаты шейшембиде эки партиядан каржылоону улантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала алган эмес. Мындан соң Ак үй өкмөттүк мекемелерге ишти токтото туруу боюнча эскертүү жазган.
"Добуш сатып алам" деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Мындай чакырыкты президент Садыр Жапаров ноябрь айында өтө турган парламенттик шайлоо боюнча элге кайрылуусунда салды. Өлкө башчы бийлик таза шайлоо үчүн бардык шарттарды түзүп бергенин, эми шайлоочулар добушун сатпай, татыктууларды тандашы керектигин белгилеген. Садыр Жапаровдун сөзүнүн урунттуу учурлары: өлкө башчы парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркашын колдогон депутаттарга ыраазычылык билдирди; ал эки шайлоо беш жыл сайын биринин артынан бири өтсө БШК үчүн кыйынчылык жаратарын, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн экенин айтты; "бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат" деген сөздү четке какты. Президент эч бир депутаттан тарагыла деп суранбаганын, 5 жыл мурун элдин 80 пайызынын колдоосу менен өткөнүн, кийинки шайлоого талапкерлигин койсо 90 пайыз менен өтөрүнө ишенерин белгиледи; Кыргызстандагы үч төңкөрүш тең шайлоонун айынан болгонун эске салды. Эми шайлоого адам факторлору аралаша албайт. Эски шайлоо системасы жок болуп, баары санариптешип, автоматташтырылды; "өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн да алыс болууга чакырды. "Таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар" деди президент: “жол, мектеп, бала бакча салып берем” же “асмандагы Айды алып берем” дегендерге ишенбөө керектигин айтты. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, ал мыйзам жазат; айыл өкмөттөн баштап президенттикке чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерди шайлоонун жүрүшүнө аралашпоого чакырды. Аралашкандар жазаланат; талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салынбайт; шайлоону калыс катары баштан-аяк өзү көзөмөлдөйт.Транспорт жана коммуникация министрлиги күндүн сууктаганына байланыштуу айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууну эскертти. Ведомство тоо этектерине кар жаай турганын, жолдор тайгак болорун белгилеп, ашуулар аркылуу өтө турган айдоочулардан машинасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды. Ошондой эле жолдун каршы тилкесине чыкпай, автоунааны акырыныраак айдоону өтүндү.Ош шаарынын мэриясы шаардыктарды 5-октябрь күнү саат 18:00дө борбордук стадиондо өтө турган Ош шаарынын күнүнө арналган чоң салтанатка чакырат. Маалымдалгандай, гала-концертке Керим Турапов, Ибрагим Жунусов, Майрамбек Осмонов, Элера Кабылжан кызы, Курал Чокоев, Данияр Жанибек уулу, Арууке Кубатбекова, Шухрат Якубов, Азамат Токтокадыров, Темир Назаров, Фриман, Согдиана, Шахрух Хан, Мирбек Атабековдор катышат. Иш-чара Ош шаардык эл аспаптар оркестринин коштоосунда өтөт.АКШда өкмөттүн иши токтоп калышы айкын болуп турат. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы билдирди. " Сенаттагы көпчүлүктүн лидери, Жон мырзанын өтүнүчү боюнча Сенат бир добуштан токтом менен эртеңки саат 10:00гө чейин отурумдун тыныгуусун жарыялады", — деп айтылган кечээки маалыматта. Демек, өкмөттүн иши токтоп калышы мүмкүн. АКШ Сенаты шейшембиде эки партиядан каржылоону улантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала алган эмес. Мындан соң Ак үй өкмөттүк мекемелерге ишти токтото туруу боюнча эскертүү жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/01/1096868010_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9b16183133bf359fc640a15273ad0f62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио