00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Быйыл кышында электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов парламентте билдирди. Ал төрт мамлекет менен 4 миллиард киловатт-саат энергия импорттоо боюнча келишим түзүлгөнүн, бул таңсыктыкты жабууга жол берерин белгилеген. Депутаттар ага кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүнбү деген суроо узатышты. "Эгер электр энергиясы чет жактан үзгүлтүксүз келип турса, камсыздоо туруктуу болот. Бир жагдай бар: электр кубаты көп пайдаланылган убакта, кечинде, маал-маалы менен өчүрүп турушубуз ыктымал", — деди Ысманов. Министрдин орун басары быйылкы кыш абдан оор болорун кошумчалады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусундагы "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрүп, бир нече мамлекеттик органдын 24 кызматкери коррупцияга шектелип кармалды.Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекетте Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери катышкан коррупциялык схема аныкталган. Аны аталган адамдар "ортомчулар" менен сүйлөшүп алып түзгөнү айтылды. Кызматкерлер жалган документтерди колдонуп ЕАЭБ өлкөлөрүнөн контрабандалык товар импорттогон деп шектелүүдө. Ушул жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т. аттуу эки жарандан төгүндөлгүс далилдер алынган. Ага ылайык, Ташиев өткөргөн жыйын учурунда Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын 7, Салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын 4 кызматкери кармалды. Аталган коррупциялык схеманын кесепетинен бюджетке миллиондогон зыян келтирилген. УКМК төрагасы аларды иштен бошотуп, мүлкүн камакка алууну тапшырды. Ушундай эле схема "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктуларында да бар экенин белгиледи.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев боюнча комментарий берди деген видео дипломатиялык фейк экендигин билдирди. Бул маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье таратты. Анда видеокомментарийди Токаевдин Нью-Йоркто Владимир Зеленский менен жолукканына россиялык дипломат өзүнүн баасын берип жаткандай кылып жасап чыгышкан. Муну төгүндөгөн министрлик салыштыруу үчүн эки видеону тең берген. Бул жосунсуз нерсени таптакыр башка багытта, быйылкы жылдын 21-июнунда Захарова берген интервьюга чапташкан. Ага ChatGPT менен Россияны ТИМ өкүлүнүн кол жаңсоолору, эмоциясы жана үнү жасалып, кошулган."Бул — одоно, арамдык менен жасалып, казак санарип айдыңына атайылап ташталган иш. Максаты — Россия менен Казакстан мамлекеттери менен элинин ортосуна от жагуу", — деп айтылат билдирүүдө. Министрлик мында "украин атайын кызматынын тааныш издери" байкалып жатканын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0