https://sputnik.kg/20250924/1096723233.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда myizam.kg укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкынын пилоттук версиясы ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Платформа... 24.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-24T15:00+0600
2025-09-24T15:00+0600
2025-09-24T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/18/1096723067_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fd04aed8f29dfb1380872287b2a2e74b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда myizam.kg укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкынын пилоттук версиясы ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Платформа тармактар боюнча ченемдик-укуктук актыларды системалаштырат жана аларды издөөнү, колдонууну бир топ жеңилдетет. Жер, салыктар, эмгек, сот адилеттиги жана башка багыттар боюнча керектүү документтерди эми тезирээк табууга болот. Мекеме жарандарды ресурсту сынап көрүүгө жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды калтырууга чакырды.
Бишкектиктер Дэн Сяопин көчөсүндөгү жол жай жасалып жатканын айтып, кечээки тыгындын сүрөт, видеосун жүктөшкөн. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн соцтармак аркылуу жооп берди. Учурда аталган трассанын Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабык.Калаа мэри шаардыктардын даттанусуна жооп берип, элди сабырдуу болууга чакырды. "Бул жерде ирригациянын баарын жаңылап жасаш керек. Суу, канализация тутумдарынын баары ушул жерде жайгашкан. "Иш жүрбөй жатат, созулуп жатат" дегенге жооп бериш кыйын. Ыңгайсыз шарт бар. Элди сабырдуулукка чакырам. Бир тарабында кыймыл акырындан болсо да бар. Жумушчулар жолду жасап жатат", — деген мэр. Ошондой эле жолдун экинчи тарабын капиталдык оңдоодон өткөрүү тыгындан улам кийинки жылга калганын кошумчалаган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У.Ч. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылы ал "Береке" курулуш компаниясын жетектеп турган, ошол учурда А.А. аттуу жаран менен көп кабаттуу үй куруу үчүн үлүштүк келишим түзгөн. "А.А. Ош шаарынан 45 сотых жерин берип, курулуш бүткөндө 2 750 чарчы метр аянт алмак. Бирок шектүү милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өз атына мыйзамсыз каттатып алган. Учурда ал камакка алынды", — деди атайын кызмат. Инициалдарга 2020-жылдын август айында "Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Садиков Улугбек Чирмашович туура келүүдө
Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский уюмдун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып Украина менен болгон чатак жөнүндө бир нече билдирүү жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Брюссель аңдабай туруп согуш отун жалындатып, Россияны болушунча душман кылып көрсөтүүгө аракет кылып келет. "Деген менен аталган европалык демократиялар буга кол чаап, кубаттап жатышат, негизсиз түрдө Россия Украинаны тебелегиси келип жатат дешүүдө. Бизде эч качан мындай максат болгон эмес. Бул — Киевдеги кичинекей аткаминердин кызарбай туруп айткан калпы", — деген Полянский. Европа БУУнун Коопсуздук кеңеши Украина согушта жеңилбейт деген башка дүйнөдө жашап жана тынчтыкты орнотуу аракеттерине катышпайт деген ишенимде болгонун каалайт. Бул үчүн эң ылайыктуу формат — Стамбулдагы сүйлөшүү аянтчасы. Шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги апталык жыйыны башталды. Кечээтен бери сөз алган бир катар президенттер эл аралык кырдаалга баасын берип, олуттуу болуп турган согуштар туурасында кеп кылышты.
Кыргызстанда myizam.kg укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкынын пилоттук версиясы ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Платформа тармактар боюнча ченемдик-укуктук актыларды системалаштырат жана аларды издөөнү, колдонууну бир топ жеңилдетет. Жер, салыктар, эмгек, сот адилеттиги жана башка багыттар боюнча керектүү документтерди эми тезирээк табууга болот. Мекеме жарандарды ресурсту сынап көрүүгө жана аны жакшыртуу боюнча сунуштарды калтырууга чакырды.Бишкектиктер Дэн Сяопин көчөсүндөгү жол жай жасалып жатканын айтып, кечээки тыгындын сүрөт, видеосун жүктөшкөн. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн соцтармак аркылуу жооп берди. Учурда аталган трассанын Фучиктен Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабык.Калаа мэри шаардыктардын даттанусуна жооп берип, элди сабырдуу болууга чакырды. "Бул жерде ирригациянын баарын жаңылап жасаш керек. Суу, канализация тутумдарынын баары ушул жерде жайгашкан. "Иш жүрбөй жатат, созулуп жатат" дегенге жооп бериш кыйын. Ыңгайсыз шарт бар. Элди сабырдуулукка чакырам. Бир тарабында кыймыл акырындан болсо да бар. Жумушчулар жолду жасап жатат", — деген мэр. Ошондой эле жолдун экинчи тарабын капиталдык оңдоодон өткөрүү тыгындан улам кийинки жылга калганын кошумчалаган.Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.У.Ч. өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылы ал "Береке" курулуш компаниясын жетектеп турган, ошол учурда А.А. аттуу жаран менен көп кабаттуу үй куруу үчүн үлүштүк келишим түзгөн. "А.А. Ош шаарынан 45 сотых жерин берип, курулуш бүткөндө 2 750 чарчы метр аянт алмак. Бирок шектүү милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өз атына мыйзамсыз каттатып алган. Учурда ал камакка алынды", — деди атайын кызмат. Инициалдарга 2020-жылдын август айында "Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Садиков Улугбек Чирмашович туура келүүдө Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский уюмдун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып Украина менен болгон чатак жөнүндө бир нече билдирүү жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Брюссель аңдабай туруп согуш отун жалындатып, Россияны болушунча душман кылып көрсөтүүгө аракет кылып келет. "Деген менен аталган европалык демократиялар буга кол чаап, кубаттап жатышат, негизсиз түрдө Россия Украинаны тебелегиси келип жатат дешүүдө. Бизде эч качан мындай максат болгон эмес. Бул — Киевдеги кичинекей аткаминердин кызарбай туруп айткан калпы", — деген Полянский. Европа БУУнун Коопсуздук кеңеши Украина согушта жеңилбейт деген башка дүйнөдө жашап жана тынчтыкты орнотуу аракеттерине катышпайт деген ишенимде болгонун каалайт. Бул үчүн эң ылайыктуу формат — Стамбулдагы сүйлөшүү аянтчасы. Шейшемби күнү Нью-Йоркто БУУнун башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги апталык жыйыны башталды. Кечээтен бери сөз алган бир катар президенттер эл аралык кырдаалга баасын берип, олуттуу болуп турган согуштар туурасында кеп кылышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/18/1096723067_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7d1316354d6dc66cfb598366630ecbd0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио