https://sputnik.kg/20250908/1096372675.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү оюнунда "Достук" командасы Жогорку лиганын чемпиону болдуУКМК "Кадастрдагы" узун кезектин себебин аныктап, эки кызматкерди кармадыКыргызстан менен... 08.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-08T11:00+0600
2025-09-08T11:00+0600
2025-09-08T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/08/1096372509_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81cca7137846cca6d7b3fddf1c98e53b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү оюнунда "Достук" командасы Жогорку лиганын чемпиону болдуУКМК "Кадастрдагы" узун кезектин себебин аныктап, эки кызматкерди кармадыКыргызстан менен Россия өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштүАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт башчылары Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, санариптик экономика жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Касымалиев менен Мишустин ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташууну да кеп кылышты.
"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалында коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аталган ишкананын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары М.Ф.М жана К.В.В материалдык пайда көрүү максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип жатканы белгиленген."Кардарларды электрондук кезектен тышкары тейлеп, ал үчүн 2 000 сомдон 10 000 сомго чейин акчалай сыйлыктарды алышкан", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМК "Кадастр" ишканасында эл көп болуп, узун кезек жаралып, андагы башаламан абалга бийликти көңүл бурууга чакырган билдирүүлөр көп түшкөнүн кошумчалаган.
Көк бөрү боюнча турнирде "Достук" командасы "Ынтымакты" жеңип, Жогорку лиганын чемпиону болду. Финалда негизги убакыт 4:4 эсеби менен аяктады. Кошумча убакытта Кубаныч Султан уулу "алтын салым" таштап, "Достукка" чемпиондукту алып берди. Бул оюнда ал төртүнчү улакты салып, турнирдин мыкты оюнчусу деп да табылды. Ал эми "Намыс" командасы "Шахтёрду" жеңип, үчүнчү орунду ээледи. Эске салсак, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү.
Россия президенти Владимир Путин БРИКС уюмунун кезексиз өтө турган виртуалдык саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. ЖМКлар Бразилия президенти Луис Инасиу Лула да Силва америкалык лидер Дональд Трамптын соода саясатын талкуулоо үчүн 8-сентябрда БРИКСтин саммитин өткөрөрүн жазышкан. Песковдун айтымында, экономикалык кысымга кабылган Бразилия АКШнын тариф согушуна каршы туруу үчүн колдо болгон механизмдерди, анын ичинде пикир алышуу үчүн аталган уюмду да пайдаланууда.
Владимир Зеленский америкалык ABC каналына маек куруп жатып, Украинанын аймагы толугу менен Россияга өтүп кетпесе жеңишке жеттим деп эсептей турганын айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Макалада акыркы кезде Зеленскийдин аймактык маселе боюнча сөзүндө кошумча нюанстар пайда боло баштаганы айтылат. Ал буга чейин аймактарынан кол жууганын караманча танып келсе, эми көзөмөлүнөн чыгып кеткен жерлердин Россияга кошулганын "юридикалык жактан тааныбай" турганын белгилеген. Зеленский акыркы маегинде Россия Украинаны "толугу менен" оккупациялоого ниеттенип жатканын айтып, бул Путиндин жеңиши болмоктугун кошумчалаган.
Көк бөрү оюнунда "Достук" командасы Жогорку лиганын чемпиону болдуУКМК "Кадастрдагы" узун кезектин себебин аныктап, эки кызматкерди кармадыКыргызстан менен Россия өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштүАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт башчылары Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, санариптик экономика жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Касымалиев менен Мишустин ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташууну да кеп кылышты."Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалында коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аталган ишкананын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары М.Ф.М жана К.В.В материалдык пайда көрүү максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип жатканы белгиленген."Кардарларды электрондук кезектен тышкары тейлеп, ал үчүн 2 000 сомдон 10 000 сомго чейин акчалай сыйлыктарды алышкан", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМК "Кадастр" ишканасында эл көп болуп, узун кезек жаралып, андагы башаламан абалга бийликти көңүл бурууга чакырган билдирүүлөр көп түшкөнүн кошумчалаган. Көк бөрү боюнча турнирде "Достук" командасы "Ынтымакты" жеңип, Жогорку лиганын чемпиону болду. Финалда негизги убакыт 4:4 эсеби менен аяктады. Кошумча убакытта Кубаныч Султан уулу "алтын салым" таштап, "Достукка" чемпиондукту алып берди. Бул оюнда ал төртүнчү улакты салып, турнирдин мыкты оюнчусу деп да табылды. Ал эми "Намыс" командасы "Шахтёрду" жеңип, үчүнчү орунду ээледи. Эске салсак, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү.Россия президенти Владимир Путин БРИКС уюмунун кезексиз өтө турган виртуалдык саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. ЖМКлар Бразилия президенти Луис Инасиу Лула да Силва америкалык лидер Дональд Трамптын соода саясатын талкуулоо үчүн 8-сентябрда БРИКСтин саммитин өткөрөрүн жазышкан. Песковдун айтымында, экономикалык кысымга кабылган Бразилия АКШнын тариф согушуна каршы туруу үчүн колдо болгон механизмдерди, анын ичинде пикир алышуу үчүн аталган уюмду да пайдаланууда.Владимир Зеленский америкалык ABC каналына маек куруп жатып, Украинанын аймагы толугу менен Россияга өтүп кетпесе жеңишке жеттим деп эсептей турганын айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Макалада акыркы кезде Зеленскийдин аймактык маселе боюнча сөзүндө кошумча нюанстар пайда боло баштаганы айтылат. Ал буга чейин аймактарынан кол жууганын караманча танып келсе, эми көзөмөлүнөн чыгып кеткен жерлердин Россияга кошулганын "юридикалык жактан тааныбай" турганын белгилеген. Зеленский акыркы маегинде Россия Украинаны "толугу менен" оккупациялоого ниеттенип жатканын айтып, бул Путиндин жеңиши болмоктугун кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/08/1096372509_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5ebbe580f9bbcdc54e1260147bf1b508.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио