https://sputnik.kg/20250830/1096203609.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын ачылышына катышты... 30.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-30T15:00+0600
2025-08-30T15:00+0600
2025-08-30T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1e/1096203477_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_76545fb46dc3f72547171ecbbd551c3d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын ачылышына катышты. Имарат 1906-жылы курулган жана акыркы жылдары пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган. Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында башталган. Долбоор 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун курууну карайт. Үч кабаттуу имарат төрт блоктон турат. Мамлекет башчысы заманбап кабинеттерди, жабдылган чеберканаларды, көркөм галереяны жана ыңгайлуу жатакананы көрүп чыкты. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Садыр Жапаровго билим берүү мекемесинде окуучулардын көркөм табитин өнүктүрүүгө жана сүрөт искусствосу жаатында кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл буруларын айтып берди. Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство таануучу, костюм дизайнери, керамист сыяктуу кесиптерди өздөштүрүшөт. Президент Садыр Жапаров көркөм сүрөт мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен баарлашып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди жана тандаган багыттарындагы жаңы жетишкендиктерди каалады.
31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жол кыймылы үчүн жабык болорун Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы билдирди. Маалыматта Чүй проспекти Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейин саат таңкы 5.00дө жабылып, түндө эл тараганда ачылары айтылат. Кечинде аянтта майрамга карата чоң концерт өтөт. Милиция шаар тургундарынан маршрутту алдын ала пландап алууну өтүндү.
Май куйуучу бактарды мыйзамсыз орноткон унаалардын айдоочуларына 25 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Коомдук транспорт жана кошумча жабдык» рейдинин жүрүшүндө жол эрежелерин бузган үч жол тандабас унаалар токтотулган. Текшерүү учурунда унаалар кошумча бактарды мыйзамсыз орнотуп, күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып жүргөндөрү аныкталган. Бул факты боюнча үч унаанын айдоочуларына жалпы 25 миң сом айып салынып, унаалары айып короо жайларына киргизилди.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Германия Россия менен мурдатан бери эле тирешип келгенин айтты. Ал бул тууралуу Франциянын LCI телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. Мерц бул жагдайга Москваны айыптап, Россия Германиянын айрым аймактарындагы туруктуулукка жик салып, социалдык тармактар аркылуу өлкөнүн ички маселелерине кийлигишип жатканын билдирген. Буга чейин Россия мындай негизсиз каралоону кескин түрдө четке каккан. Канцлердин айтымында, атайын кызматтар ага Россия "Германиянын инфраструктурасына кол салып", өлкөдөгү коомдук пикирге таасир эткиси келерин тууралуу күн сайын маалымат беришет. Россия лидери Владимир Путин буга чейин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Россиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындай кадамдын таптакыр маанисиз экенин түшүндүргөн.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын ачылышына катышты. Имарат 1906-жылы курулган жана акыркы жылдары пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган. Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында башталган. Долбоор 100 окуучуга ылайыкталган окуу корпусун курууну карайт. Үч кабаттуу имарат төрт блоктон турат. Мамлекет башчысы заманбап кабинеттерди, жабдылган чеберканаларды, көркөм галереяны жана ыңгайлуу жатакананы көрүп чыкты. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева Садыр Жапаровго билим берүү мекемесинде окуучулардын көркөм табитин өнүктүрүүгө жана сүрөт искусствосу жаатында кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл буруларын айтып берди. Мектептин бүтүрүүчүлөрү Улуттук көркөм сүрөт академиясында тандаган багыттары боюнча окуусун улантып, живописчи, скульптор, дизайнер-архитектор, графикалык дизайнер, искусство таануучу, костюм дизайнери, керамист сыяктуу кесиптерди өздөштүрүшөт. Президент Садыр Жапаров көркөм сүрөт мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен баарлашып, аларга чыгармачылык ийгиликтерди жана тандаган багыттарындагы жаңы жетишкендиктерди каалады.31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жол кыймылы үчүн жабык болорун Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы билдирди. Маалыматта Чүй проспекти Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейин саат таңкы 5.00дө жабылып, түндө эл тараганда ачылары айтылат. Кечинде аянтта майрамга карата чоң концерт өтөт. Милиция шаар тургундарынан маршрутту алдын ала пландап алууну өтүндү.Май куйуучу бактарды мыйзамсыз орноткон унаалардын айдоочуларына 25 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Коомдук транспорт жана кошумча жабдык» рейдинин жүрүшүндө жол эрежелерин бузган үч жол тандабас унаалар токтотулган. Текшерүү учурунда унаалар кошумча бактарды мыйзамсыз орнотуп, күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып жүргөндөрү аныкталган. Бул факты боюнча үч унаанын айдоочуларына жалпы 25 миң сом айып салынып, унаалары айып короо жайларына киргизилди.Германиянын канцлери Фридрих Мерц Германия Россия менен мурдатан бери эле тирешип келгенин айтты. Ал бул тууралуу Франциянын LCI телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. Мерц бул жагдайга Москваны айыптап, Россия Германиянын айрым аймактарындагы туруктуулукка жик салып, социалдык тармактар аркылуу өлкөнүн ички маселелерине кийлигишип жатканын билдирген. Буга чейин Россия мындай негизсиз каралоону кескин түрдө четке каккан. Канцлердин айтымында, атайын кызматтар ага Россия "Германиянын инфраструктурасына кол салып", өлкөдөгү коомдук пикирге таасир эткиси келерин тууралуу күн сайын маалымат беришет. Россия лидери Владимир Путин буга чейин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Россиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындай кадамдын таптакыр маанисиз экенин түшүндүргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1e/1096203477_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b9d2f31a9e3915ec99bd258ac5c0005.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио