00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Помогут ли агрокластеры и новые заводы остановить рост цен на продукты в 2026 году
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгы салынат — кайсы товарларга тиешелүү?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Обязательная доля: кому закон присудит наследство вопреки вашей воле - объясняет юрист
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как понять что ваша усталость превратилась в тревожное расстройство
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мигрант болуп акча табам десем ата-энем көнбөй окутту – Комузчу Курманбек Жалил уулу менен маек
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
21:07
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
"Менин үйүм" турак жай программасынын алкагында жалпы республика боюнча 70 миңден ашуун, анын ичинде Жалал-Абад облусунда 13 миңден ашык батир курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман Резиденс-2" турак жай комплексин ачып жатып билдирди. Өлкө башчы бул саамалык өлкө эгемендигинин 34 жылдыгы менен дал келип жатканы өзгөчө эстен кеткис учур болуп каларын белгилеген.Ал буга чейин аталган шаарда "Асман Резиденс-1" турак жай комплекси жана Сузак районунда "Асман Резиденс-5" комплекси пайдаланууга берилгенин кошумчалады. Эскерте кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров Ош, Жалал-Абад облустарына барган. Кечээ Ошто бир убакта 200гө чукул ишкана, уюм бир маалда ачылды.
Жакынкы бир саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүйдө катуу шамал болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн. ӨКМ калкты коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Катуу шамал учурунда көрнөк-жарнактардан, бак-дарактардан жана электр чубалгыларынан алыс болуп, коопсуз жайларда болуу зарыл. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номуруна чалуу керектиги кошумчаланды.
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандардын жашоосун жеңилдеткен санариптик кызматтарды сунуштады. Ведомствонун маалыматы боюнча, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумуна 350 катышуучу — мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар интеграцияланган. Бүгүнкү күнгө чейин 5 миллиарддан ашык маалымат алмашуу ишке ашкан. Ошондой эле "Түндүк" мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 179 кызмат ишке ашырылып, жарандар 35 миллиондон ашык онлайн кызмат алышкан.
Россия Кытайдагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюму заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүү потенциалын жогорулатарына ишенет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Кытайга расмий сапарын утурлай Синьхуа агенттигине маек берип жатып айткан. Баарлашуунун текстин Кремль жарыялады. Өлкө башчысы Москванын Пекин менен болгон мамилеси жана ШКУнун келечеги тууралуу суроолорго жооп берген. "Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жыйынтыгы менен уюм күчтөнүп, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн арттырып, жалпы евразиялык мейкиндикте тилектештикти бекемдейт деп ишенебиз", — деди Путин. Белгилей кетсек, Россия лидеринин Кытайга болгон сапары 31-августтан 3-сентябрга чейин белгиленген. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун билдиргенине караганда, Путин Тяньцзинде ШКУнун саммитине, андан кийин Пекинде Кытай элинин Япония баскынчыларына каршы согушунда жана Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткенинин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Кытайдын борборунда Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Андан башка да ондон ашык эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0