00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бишкекте "Салттуу ардагердик боордоштукту бекемдөө — тарыхтан келечекке" аттуу тегерек столдун алкагында КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат борбору кабарлады. Иш-чаранын катышуучулары социалдык колдоо, өз ара кызматташуу жана жардамдашууну чыңдоо керектигин айтышып, маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүү маселесин талкуулашкан."Атайын кызматтардын ардагерлер уюму жарандарды патриоттукка тарбиялоодо, тарыхый мурасты сактоодо жана коомдун биримдигин бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Алардын ишмердүүлүгү мурдагы кызматкерлерди колдоого жана коомдук маанилүү долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта. Катышуучулар муундардын байланышын, тарыхый мурасты жана тажрыйбаны муундарга өткөрүп берүү маанилүү экенин белгилешкен. Жолугушуу мамлекеттик коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого баа жеткис салым кошкон ар кайсы муундун өкүлдөрүн бириктирди.
Бишкектеги студенттер 15-сентябрга чейин аралыктан окушат. Маалыматты Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тастыктады. "Чечим борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө, шаар ичиндеги жолдорду оңдоого жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынды. Мындай чара студенттерге, мугалимдерге жана шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн көрүлдү", — деп айтылат маалыматта. Чечим медициналык окуу жайлардын студенттерине тиешелүү эмес. Буга чейин соцтармактарда ЖОЖ жетекчилеринин тобуна жөнөтүлгөн маалымдама тараган. Анда тиешелүү тапшырманы минкаб бергендиги жазылган.
Кыргыз-Россия Славян университетинин педагогика факультетинин 100 студенти "Евразия" бейөкмөт уюмунан стипендия алат. Мындай чечимди аталган окуу жайдын ректору Сергей Волков жана "Евразия" уюмунун башкаруучулар кеңешинин төрайымы, Мамлекеттик Думанын депутаты Алёна Аршинова кабыл алган. Жаңы колдоо мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатууга жана жаштарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. 15 миң сомдук стипендия болочок мугалимдерге кийинки жылдан баштап төлөнө баштамакчы.
Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак жетектеген делегация жума күнү АКШга келип, анда Украинанын коопсуздук кепилдиги талкууланат. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. "Эртең Швейцарияда, жума күнү Америка Кошмо Штаттарында, Нью-Йоркто Трамптын командасы менен жолугушуу болот. Коопсуздук кепилдигинин маани-мазмуну боюнча иштегендер катышат. Аскердик, саясий, экономикалык коопсуздук боюнча берилген кепилдиктин компоненттери талкууланат", — деп Зеленский кечээ айткан. Буга чейин Bloomberg агенттиги маалымат булактарына таянып, Ермак менен Украинанын Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров ушул жумада АКШга барарын жазган. Ал америкалык лидердин атайын чабарманы өкүлү Стив Уиткофф менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн, балким Россия президенти Владимир Путин менен Зеленскийдин болуп калышы мүмкүн делген жолугушуусун талкуулаша турганын билдирген. Кийинчерээк украин ЖМКлары украин делегациясынын курамына ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Кислица да кирерин кабарлашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0