БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги... 18.08.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун 11-модулу уюштурулуп, ага кыргызстандыктар да катышты. Агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мастер-класстарды жана практикалык сабактарды өтүштү. Анын ичинде социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду. Ошондой эле окуя болгон жерден репортаж даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. Дээрлик ар бир спикер бүгүнкү күндө журналисттер жана ЖМКлар маалымат таратуунун заманбап талаптарына ыңгайлашып иштөөсү зарыл экенин белгилеген. Аудитория коомдун маалыматтык табити тез алмашып жатканын айтып, контент менен иштөөдө ушул тенденцияларга көңүл буруу зарыл экени кошумчаланды. Катышуучулар алган билимдерин дароо бышыктап, автордук Telegram-каналдарды түзүп, алган тажрыйбаны иш жүзүндө көрсөтүштү. Ар бир тайпа концепция иштеп чыгып, тематикасын аныктап, материалдарды жарыялап, каналды мүмкүн болушунча жайылтууга, катталуучуларды көбөйтүүгө аракет кылды. Окутуунун акыркы күнүндө катышуучулар өз долбоорлорун таанытып, Sputnik эксперттери менен бирге урунттуу учурларды талдоого алышты. Көпчүлүк үчүн бул Telegram-каналдын редактору катары өзүн сынап көрүүгө алгачкы мүмкүнчүлүк болду. Бүгүнкү күндө ага суроо-талап жогору экени айтылды. Программага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген журналисттер катышты. Мындай программалар аркылуу катышуучулар тажрыйба гана топтобостон, кесиптик байланыштарды бекемдеп, коңшу өлкөлөрдөгү маалымат каражаттарынын өнүгүү тенденциялары менен тааныша алышат. Кыргызстандан келген юрист Арсен Болотов, долбоорго биринчи жолу катышып жатканын, күнүмдүк жашоодо жасалма интеллектини колдонуу боюнча лекция купулуна толгонун айтты. "Sputnik агенттигинин алдыңкы адистери нейротүйүндү кантип колдонуп жатканын айтып беришти. Бул билим биздей жаш адистерге, редакцияларга абдан керек болчу. Мен өзүм да жасалма интеллектини колдоном, бирок активдүү эмесмин. Көрсө, бул контент даярдаганга абдан керек экен", — деп белгиледи ал. Журналист Айдай Назаркулова SputnikPro долбоорунун алкагында Telegram-канал иштетерин кошумчалады. Бул байланыштын ыңгайлуу жолу гана эмес, журналисттердин иши үчүн да мыкты курал экенин белгиледи.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун 11-модулу уюштурулуп, ага кыргызстандыктар да катышты.
Агенттиктин алдыңкы кызматкерлери заманбап медианын өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мастер-класстарды жана практикалык сабактарды өтүштү. Анын ичинде социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду. Ошондой эле окуя болгон жерден репортаж даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Дээрлик ар бир спикер бүгүнкү күндө журналисттер жана ЖМКлар маалымат таратуунун заманбап талаптарына ыңгайлашып иштөөсү зарыл экенин белгилеген. Аудитория коомдун маалыматтык табити тез алмашып жатканын айтып, контент менен иштөөдө ушул тенденцияларга көңүл буруу зарыл экени кошумчаланды.
Катышуучулар алган билимдерин дароо бышыктап, автордук Telegram-каналдарды түзүп, алган тажрыйбаны иш жүзүндө көрсөтүштү. Ар бир тайпа концепция иштеп чыгып, тематикасын аныктап, материалдарды жарыялап, каналды мүмкүн болушунча жайылтууга, катталуучуларды көбөйтүүгө аракет кылды. Окутуунун акыркы күнүндө катышуучулар өз долбоорлорун таанытып, Sputnik эксперттери менен бирге урунттуу учурларды талдоого алышты.
Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун 11-модулу уюштурулуп, ага кыргызстандыктар да катышты
Анын ичинде социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду
Ушул жылдын 11-15-август күндөрү "Россия сегодня" медиатобунун кеңсесинде КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери үчүн "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоорунун 11-модулу уюштурулуп, ага кыргызстандыктар да катышты
Анын ичинде социалдык тармак үчүн маалыматтык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу, виртуалдык студияда иштөө, журналистикада чат-ботторду жана жасалма интеллектинин башка багыттарын колдонууга көңүл бурулду
Дээрлик ар бир спикер бүгүнкү күндө журналисттер жана ЖМКлар маалымат таратуунун заманбап талаптарына ыңгайлашып иштөөсү зарыл экенин белгилеген
Көпчүлүк үчүн бул Telegram-каналдын редактору катары өзүн сынап көрүүгө алгачкы мүмкүнчүлүк болду. Бүгүнкү күндө ага суроо-талап жогору экени айтылды.
Программага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген журналисттер катышты.
Мындай программалар аркылуу катышуучулар тажрыйба гана топтобостон, кесиптик байланыштарды бекемдеп, коңшу өлкөлөрдөгү маалымат каражаттарынын өнүгүү тенденциялары менен тааныша алышат.
"Москва жана "Зубовскийдеги SputnikPro" долбоору бизди бириктирип, достоштурду. Алган билимибиз ишибизге жаңы дем берет", — деп белгилешет катышуучулар.
Кыргызстандан келген юрист Арсен Болотов, долбоорго биринчи жолу катышып жатканын, күнүмдүк жашоодо жасалма интеллектини колдонуу боюнча лекция купулуна толгонун айтты.
"Sputnik агенттигинин алдыңкы адистери нейротүйүндү кантип колдонуп жатканын айтып беришти. Бул билим биздей жаш адистерге, редакцияларга абдан керек болчу. Мен өзүм да жасалма интеллектини колдоном, бирок активдүү эмесмин. Көрсө, бул контент даярдаганга абдан керек экен", — деп белгиледи ал.
Журналист Айдай Назаркулова SputnikPro долбоорунун алкагында Telegram-канал иштетерин кошумчалады. Бул байланыштын ыңгайлуу жолу гана эмес, журналисттердин иши үчүн да мыкты курал экенин белгиледи.