00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам жазыктык сот өндүрүшүн өркүндөтүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Мыйзамда кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарындагы сот өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча издөөдө жүргөн адамдарга карата, ошондой эле тергөө токтотулган жазык иштери боюнча издөөдө жүргөн айыпкерлерге карата атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнү регламенттөө бөлүгүндөгү укуктук кенемтелерди четтетүү каралган.
Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Кодекстин 109-беренеси өзгөргөн. Анда порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди даярдоо, көрсөтүү, сактоо, жарнамалоо, таратуу, анын ичинде интернет аркылуу жайылтуу үчүн да жоопкерчилик каралды. Мыйзамда аталган материалдарды сатып пайда табуу максатында эмес, жөн эле жайылтуу үчүн да жаза каралары белгиленген.Белгилей кетсек, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин эски редакциясына ылайык, порнографиялык материалдарды сатуу максатында ташып келүү, даярдоо, жарнамалоо, жайылтуу үчүн айып пул каралган.
"Кыргыз почтасы" 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат. Бул тууралуу минкабдын тиешелүү токтомунда айтылган.Ага ылайык, эки пайыздык комиссия 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары айтылган. Белгилей кетсек, өлкөдөгү пенсионерлердин 70 пайызы акчасын банк карталары аркылуу алат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль алган Денис Петрашовду, машыктыруучу болгон атасы Евгений Петрашовду кабыл алып, сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Касымалиев спортчуну Сингапурдагы дүйнө биринчилигиндеги ийгилиги менен куттуктап, сууда сүзүү боюнча байге уткандардын тизмесине Кыргызстандын кошулуусу сыймык жана тарыхый жеңиш экенин белгиледи. Петрашовго 500 миң сомдун, машыктыруучусуна 250 миң сомдун сертификаты тапшырылган. "100 метрге брасс стилинде сууда сүзүү боюнча өлкөнүн жаңы рекордун жараттыңыз. Ата менен баланын биргелешкен аракети, көп жылдык тынымсыз эмгеги ийгиликтин чокусуна чыгарууда", — деди министрлер кабинетинин төрагасы. Касымалиев мамлекет мындан ары спорттун бул түрүнө колдоону күчөтүп, сууда сүзүүчү бассейни бар мектептер салынарын кошумчалады.
Бүгүнкү күнгө карата Россияда 352 миң кыргызстандык расмий катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорудагы расмий маалыматка карабай 680 миң кыргыз жараны менен эмгек келишими түзүлгөн. Кадыров статистикадагы мындай айырмачылыкты кээ бир жарандар эмгек келишимин түзүп, бирок өз өлкөсүндө туруп аралыктан иштеп жатканы менен жана бир эле жумушчу эки келишим түзсө болору менен түшүндүрдү. ТИМ өкүлү кыргыз жарандары каттоо көйгөйүнө туш болуп жатканын, айрым кожоюндар мигранттарды үйүнө каттоого тургузууну каалабай, бирок ошол эле учурда аларга батирин ижарага берип жатышканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0