https://sputnik.kg/20250812/1095836814.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эртең, 13-августта, Ысык-Көл районунун Бостери айылында "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, чакырыктар жана келечек" аталышындагы илимий-практикалык... 12.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-12T19:00+0600
2025-08-12T19:00+0600
2025-08-12T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095836682_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3684fab3eed641f6d0888e6978041af1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эртең, 13-августта, Ысык-Көл районунун Бостери айылында "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, чакырыктар жана келечек" аталышындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Иш-чара Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында болот. Аны Экономика жана соода министрлиги, Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз экономикалык университети жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурууда. Конференцияга илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.Конференцияда Кыргызстандын биримдикке катышуусуна ар тараптуу талдоо жүргүзүлүп, негизги жетишкендиктерге жана тоскоолдуктарга басым жасалат. Евразиялык интеграцияны тереңдетүүнүн стратегиялык багыттарына, өсүштүн жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда зым тартуу иштери Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жергесинде жүрүүдө.Инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылууда: чуңкурларды казуу иштери 74 чакырым; темир түтүктөрдү орнотуу иштери 68 чакырым; зым тартуу иштери 62 чакырымга жетти. жумушчу күчү жана курулуш материалдары жетиштүү.
Казарман" аэропорту модернизациядан кийин кайрадан ишин жандантты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, инфраструктураны жаңылоо 1 840 метрлик учуп-конуу тилкесин, цчак жолдорун, унаа токтотуучу жайларды жана аэробекетти оңдоону камтыган. Маалыматка ылайык, аэропорт Жалал-Абад облусунун кооз тоолуу аймагында, Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Ал салмагы 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алууга ылайыкташкан жана күндүз иштейт. Аэропорттун тарыхы 1940-жылдары башталган, ал эми азыркы имараты жана учуп-конуу тилкеси 1985-жылы курулган. Бул жерден Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып турган. 20 жылга созулган узак тыныгуудан соң аэропорт аймактын өнүгүүсү үчүн жаңы дем берет.
"Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов "Түндүк" ачык акционердик коому өлкөдөгү эң чоң компанияга айланып, ири санариптик долбоорлорду ишке ашыра аларын айтты. "Түндүк" мамлекеттик мекемеси эми кызматтарды көрсөтүп, инвестиция тарта алат. Мамлекеттик органдардын системасын түзүү керек болсо, санариптик долбоорлорду ишке ашырууда акы төлөнүүчү кызматты сунуштайт. Анын айтымында, мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоодо мындай кадам чоң ийгиликтерге алып келет.Ошондой эле ал "Түндүк" тиркемеси жана порталы этап-этабы менен толук жаңыртылып, жаңы кызматтар кошулуп, колдонуу ыңгайлашарын кошумчалады.
Эртең, 13-августта, Ысык-Көл районунун Бостери айылында "Кыргызстандын ЕАЭБдеги 10 жылы: жыйынтыктар, чакырыктар жана келечек" аталышындагы илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Иш-чара Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында болот. Аны Экономика жана соода министрлиги, Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз экономикалык университети жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштурууда. Конференцияга илимий коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.Конференцияда Кыргызстандын биримдикке катышуусуна ар тараптуу талдоо жүргүзүлүп, негизги жетишкендиктерге жана тоскоолдуктарга басым жасалат. Евразиялык интеграцияны тереңдетүүнүн стратегиялык багыттарына, өсүштүн жана өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда зым тартуу иштери Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жергесинде жүрүүдө.Инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылууда: чуңкурларды казуу иштери 74 чакырым; темир түтүктөрдү орнотуу иштери 68 чакырым; зым тартуу иштери 62 чакырымга жетти. жумушчу күчү жана курулуш материалдары жетиштүү.Казарман" аэропорту модернизациядан кийин кайрадан ишин жандантты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, инфраструктураны жаңылоо 1 840 метрлик учуп-конуу тилкесин, цчак жолдорун, унаа токтотуучу жайларды жана аэробекетти оңдоону камтыган. Маалыматка ылайык, аэропорт Жалал-Абад облусунун кооз тоолуу аймагында, Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Ал салмагы 22 тоннага чейинки учактарды кабыл алууга ылайыкташкан жана күндүз иштейт. Аэропорттун тарыхы 1940-жылдары башталган, ал эми азыркы имараты жана учуп-конуу тилкеси 1985-жылы курулган. Бул жерден Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып турган. 20 жылга созулган узак тыныгуудан соң аэропорт аймактын өнүгүүсү үчүн жаңы дем берет."Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Талант Аманов "Түндүк" ачык акционердик коому өлкөдөгү эң чоң компанияга айланып, ири санариптик долбоорлорду ишке ашыра аларын айтты. "Түндүк" мамлекеттик мекемеси эми кызматтарды көрсөтүп, инвестиция тарта алат. Мамлекеттик органдардын системасын түзүү керек болсо, санариптик долбоорлорду ишке ашырууда акы төлөнүүчү кызматты сунуштайт. Анын айтымында, мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоодо мындай кадам чоң ийгиликтерге алып келет.Ошондой эле ал "Түндүк" тиркемеси жана порталы этап-этабы менен толук жаңыртылып, жаңы кызматтар кошулуп, колдонуу ыңгайлашарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095836682_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70e8a998dbc9e4ad302e12157473744e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио