00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу боюнча түрк компаниясы менен инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев "Орто Азия инвестициялык холдинг" ААКнын жетекчилери менен жолугуп, жалпы кубаттуулугу 2217 мегаватт болгон ГЭСтерди курууну макулдашкан.Мындан тышкары, инвестор 2030-жылга чейин социалдык долбоорлорго жыл сайын 5 миллион доллардан бөлүп, демөөрчүлүк кылары айтылды.Казарман каскадына үч ГЭС кирип, жалпы кубаттуулугу 912 мегаватт болот. Ал эми Көкөмерен каскадынын кубаттуулугу 1305 мегаватты түзөт.Долбоорлорду беш жылдын ичинде ишке ашыруу мерчемделип жатканы кошумчаланды. Салыштыруу үчүн айтсак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу модернизацияга чейин 1200 мегаватт болчу.
ЕАЭБ бардык өлкөлөрдүн жана континенттердин кызыгуусун жаратууда. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын жетекчиси Элимбек Каныбек уулу билдирди.“Буга соода келишимдерге койгон колдорубуз, биримдикке кирүү ниетин билдирип жаткан өлкөлөрдүн көбөйүшү, бизге кошулуп жаткан байкоочулар далил. Соңку ирет Монголия жана БАЭ менен соода келишимдерине кол коюлду. Өткөн жылдын аягында Иран бизге байкоочу болуп кошулган”, — деди Каныбек уулу.Ал тышкы өнөктөштөрдүн биримдикке болгон кызыгуусу тынымсыз өсүп жатканын белгиледи. “Кыргызстандын экспорттук түйүндөрүн кеңейтүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медал уткан Денис Петрашовду, ошондой эле анын атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашовду кабыл алды. Жолугушууда минкаб башчысы Адылбек Касымалиев, Денис Петрашовду Сингапурдагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алуусу менен куттуктап, сууда сүзүү боюнча байге ээлеринин арасында жаңы өлкө – Кыргыз Республикасы пайда болгонун сыймыктануу менен белгилеп, бул тарыхый жеңиш экенин кошумчалады.Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет мындан ары да спортчуларды колдоп, даярдык көрүүгө жана жогорку натыйжаларга жетүүгө шарт түзөөрүнө токтолду. Ал, сууда сүзүүчү бассейни бар мектептер долбоорлонуп, Ысык-Көл элиталык туризмдин борборуна айланаарын, бул суу спортунун өнүгүшүнө түрткү берээрин белгиледи.
Владимир Зеленский Батыштан колдоо албай калуудан коркуп эми айрым аймактардан кол жууганга кайыл болушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости The Telegraph басылмасына таянып билдирди. Басылма кечээ Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскадагы саммитинин алдында Зеленский аймактар боюнча позициясын жумшартканын маалымдады. Ак үй башчысы Зеленскийдин конституциялык колдоо алуу керек дегенине ичи чыкпагандыгын айткан эле. Ишембиге караган түнү Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков РФ лидери Путин менен Трамп 15-августта Аляскада жолугарын маалымдаган. Анын айтымында, эки мамлекеттин башчылары украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салууну талкуулоого басым жасамакчы. Ушаков Москва менен Вашингтон жакынкы күндөрү жолугушууну майда-чүйдөсүнө чейин тактап, иштеп чыгышарын билдирди. Бирок бул оңой иш эмес. Ал эми кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн, Трампка чакыруу берилгени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0