https://sputnik.kg/20250812/1095826149.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз почтасы" 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат. Бул тууралуу минкабдын тиешелүү токтомунда айтылган.Ага ылайык, эки... 12.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-12T13:00+0600
2025-08-12T13:00+0600
2025-08-12T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095826017_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a9499652401decf4e09ab13c17540e78.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз почтасы" 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат. Бул тууралуу минкабдын тиешелүү токтомунда айтылган.Ага ылайык, эки пайыздык комиссия 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары айтылган.Белгилей кетсек, өлкөдөгү пенсионерлердин 70 пайызы акчасын банк карталары аркылуу алат.
Кыргызстан шарп ылаңын жеңген аймак болууга умтулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылган. Ага ылайык, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун Борбор Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мереке Тайтубаев баштаган эксперттер менен жолуккан. Тараптар өлкөдөгү ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашканы айтылат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эксперттерге кесипкөйлүгү жана улуттук ветеринардык системаны бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул баалоо тармакты модернизациялоого жана эл аралык таанылууга карай маанилүү кадам экенин белгиледи. Ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерге эпизоотиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү, ооруларды мониторингдөө жана маалымат алмашуу системасын киргизүү, лабораторияларды жаңылоо, чек арадагы көзөмөл пунктуларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо кирет. Мындан тышкары, министрлер кабинети Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюму менен жакынкы келечекте малдын шарп ылаңына каршы эмдөө менен "шарпсыз эркин аймак" расмий макамына жетүү үчүн тыгыз кызматташа турганы белгиленди.
Бүгүнкү күнгө карата Россияда 352 миң кыргызстандык расмий катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорудагы расмий маалыматка карабай 680 миң кыргыз жараны менен эмгек келишими түзүлгөн. Кадыров статистикадагы мындай айырмачылыкты кээ бир жарандар эмгек келишимин түзүп, бирок өз өлкөсүндө туруп аралыктан иштеп жатканы менен жана бир эле жумушчу эки келишим түзсө болору менен түшүндүрдү. ТИМ өкүлү кыргыз жарандары каттоо көйгөйүнө туш болуп жатканын, айрым кожоюндар мигранттарды үйүнө каттоого тургузууну каалабай, бирок ошол эле учурда аларга батирин ижарага берип жатышканын белгиледи."Эмгек келишимдерин түзүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү маселеси да бар. ", — деди Консулдук департаменттин директорунун орун басары.
Россиянын Тыва Республикасында өткөн "Алдын согун" эл аралык сынагында Кыргызстандан барган катышуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган жарышта калыстар тобунда мүчө болгон КР эл артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди. Сынак 8-10-август күндөрү Тыванын борбору Кызыл шаарында өттү. Кыргызстандан ага жаш ырчы Аэлита Таалайбекова катышкан. "Казакстан, Кыргызстан, Башкыртстан, Бурятия, Хакасия, Алтай, Калмыкия сыяктуу аймактардан жалпы 20дан ашык ырчы келди. Бардык аткаруучулар абдан күчтүү болуп, өз республикаларын татыктуу көрсөтүштү", — деди Иманалиева.Анын айтымында, Кыргызстандан келген катышуучу тыва тилинде "Аныяктар – Жаштар" аталышындагы ырды жана кыргыз тилинде, баатырдык эпостун негизинде жазылган "Курманбек" чыгармасын аткарган.
"Кыргыз почтасы" 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат. Бул тууралуу минкабдын тиешелүү токтомунда айтылган.Ага ылайык, эки пайыздык комиссия 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулары айтылган.Белгилей кетсек, өлкөдөгү пенсионерлердин 70 пайызы акчасын банк карталары аркылуу алат.Кыргызстан шарп ылаңын жеңген аймак болууга умтулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылган. Ага ылайык, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун Борбор Азия боюнча субрегионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мереке Тайтубаев баштаган эксперттер менен жолуккан. Тараптар өлкөдөгү ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашканы айтылат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эксперттерге кесипкөйлүгү жана улуттук ветеринардык системаны бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бул баалоо тармакты модернизациялоого жана эл аралык таанылууга карай маанилүү кадам экенин белгиледи. Ветеринардык системаны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерге эпизоотиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү, ооруларды мониторингдөө жана маалымат алмашуу системасын киргизүү, лабораторияларды жаңылоо, чек арадагы көзөмөл пунктуларын заманбап жабдуулар менен камсыздоо кирет. Мындан тышкары, министрлер кабинети Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча дүйнөлүк уюму менен жакынкы келечекте малдын шарп ылаңына каршы эмдөө менен "шарпсыз эркин аймак" расмий макамына жетүү үчүн тыгыз кызматташа турганы белгиленди. Бүгүнкү күнгө карата Россияда 352 миң кыргызстандык расмий катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорудагы расмий маалыматка карабай 680 миң кыргыз жараны менен эмгек келишими түзүлгөн. Кадыров статистикадагы мындай айырмачылыкты кээ бир жарандар эмгек келишимин түзүп, бирок өз өлкөсүндө туруп аралыктан иштеп жатканы менен жана бир эле жумушчу эки келишим түзсө болору менен түшүндүрдү. ТИМ өкүлү кыргыз жарандары каттоо көйгөйүнө туш болуп жатканын, айрым кожоюндар мигранттарды үйүнө каттоого тургузууну каалабай, бирок ошол эле учурда аларга батирин ижарага берип жатышканын белгиледи."Эмгек келишимдерин түзүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүү маселеси да бар. ", — деди Консулдук департаменттин директорунун орун басары.Россиянын Тыва Республикасында өткөн "Алдын согун" эл аралык сынагында Кыргызстандан барган катышуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу аталган жарышта калыстар тобунда мүчө болгон КР эл артисти Айчүрөк Иманалиева билдирди. Сынак 8-10-август күндөрү Тыванын борбору Кызыл шаарында өттү. Кыргызстандан ага жаш ырчы Аэлита Таалайбекова катышкан. "Казакстан, Кыргызстан, Башкыртстан, Бурятия, Хакасия, Алтай, Калмыкия сыяктуу аймактардан жалпы 20дан ашык ырчы келди. Бардык аткаруучулар абдан күчтүү болуп, өз республикаларын татыктуу көрсөтүштү", — деди Иманалиева.Анын айтымында, Кыргызстандан келген катышуучу тыва тилинде "Аныяктар – Жаштар" аталышындагы ырды жана кыргыз тилинде, баатырдык эпостун негизинде жазылган "Курманбек" чыгармасын аткарган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095826017_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1ba7cd68d1a529963403db086f1b4bc4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио